bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Romans 10
Romans 10
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 9
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 11 →
1
Бир туугандарым, менин чын жүрөгүмдөн каалаганым жана Кудайдан сыйынып суранарым – Ысрайыл элинин куткарылышы.
2
Анткени мен аларга Кудай үчүн тырышчаактык көрсөтүшөрүн, бирок алардын тырышчаактыгы туура эмес түшүнүк боюнча экенин күбөлөндүрөмүн.
3
Анткени алар Кудайдын адилдигин түшүнбөй, өздөрүнүн адилдигин орнотууга аракеттенип, Кудайдын адилдигине моюн сунушкан жок.
4
Анткени Машайак – мыйзамдын аягы, Ага ишенген адам адилдикке жетет.
5
Анткени Муса пайгамбар мыйзамды аткаруу аркылуу келген адилдик жөнүндө: «Мыйзамды аткарган адам ал аркылуу тирүү болот», – деп жазган.
6
Ишеним аркылуу келген адилдик болсо мындай дейт: «Өз ичиңден: “Машайакты жерге түшүрүш үчүн, асманга ким чыгат?”
7
же “Машайакты өлгөндөрдүн арасынан алып чыгуу үчүн, түпсүз туңгуюкка ким түшөт?” – деп айтпа».
8
А Ыйык Жазууда эмне деп айтылат? «Ал сөз сага жакын, ал сенин оозуңда жана жүрөгүңдө», – деп айтылат. Ал сөз – биз жар салып жаткан ишеним жөнүндөгү сөз.
9
Эгерде сен өз оозуң менен Ыйсаны Теңирим деп ачык таанысаң, Кудайдын Аны өлгөндөрдүн арасынан тирилткенине чын жүрөгүң менен ишенсең, анда куткарыласың.
10
Себеби адам чын жүрөгү менен ишенүү аркылуу акталат, оозу менен ачык таануу аркылуу куткарылат.
11
Ыйык Жазууда болсо: «Ага ишенген адам уятка калбайт», – деп айтылат.
12
Жүйүт менен эллиндин ортосунда эч кандай айырма жок, анткени бардыгынын Теңири бир, Ал Өзүнүн ысымын чакыргандардын бардыгы үчүн бай.
13
Анткени Теңирдин ысымын чакырган ар бир адам куткарылат.
14
Бирок Ага ишенбей туруп, Аны кантип чакырышат? Ал жөнүндө укпай туруп, Ага кантип ишенишет? Жакшы Кабарды таратуучулар жок болсо, кантип угушат?
15
Жакшы Кабарды таратуу үчүн жиберилишпесе, кантип таратышат? Анткени Ыйык Жазууда: «Тынчтык тууралуу Жакшы Кабарды таратуучулардын буттары кандай сонун!» – деп жазылган эмеспи.
16
Бирок Жакшы Кабарга бардыгы эле кулак салган жок. Бул жөнүндө Ышайа пайгамбар: «Теңир, биз айткан кабарга ким ишенди?» – дейт.
17
Демек, ишеним уккан сөз аркылуу пайда болот, ал эми уга турган сөз – Кудайдын сөзү.
18
Бирок мен: «Эмне, алар угушкан жокпу?» – деп сурагым келет. Тескерисинче, алардын үнү бүт жер жүзүнө, алардын сөзү дүйнөнүн төрт бурчуна жетти.
19
Мен дагы сурагым келет: «Эмне, Ысрайыл эли билчү эмес беле?» Алгач Муса пайгамбар: «Эл катары эсептелбегендер аркылуу Мен силерди кызгандырамын, акылсыз эл аркылуу силерди ачууландырамын», – дейт.
20
Ышайа пайгамбар болсо тайманбастан: «Мени издебегендер Мени табышты, Мени сурабагандарга Өзүм ачылдым», – дейт.
21
Ысрайыл эли жөнүндө болсо мындай дейт: «Мен тил албас, кежир элге бир күн бою колумду сунуп турдум».
← Chapter 9
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 11 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16