bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Romans 16
Romans 16
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 15
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
1
Кенхирея Жыйынында диакондук кызматты аткарган Пойбе карындашыбызды силерге тааныштырамын.
2
Ыйыктарга ылайык келгендей, аны Теңир үчүн кабыл алгыла. Силердин араңарда жүргөндө, ал эмнеге муктаж болсо, жардам бергиле. Анткени ал көптөгөн адамдарга, ошондой эле мага да жардам берди.
3
Машайак Ыйсага мени менен бирге кызмат кылган Прискила менен Акилага салам айтып койгула.
4
Алар менин өмүрүм үчүн өздөрүнүн өмүрүн тобокелге салышкан. Аларга бир эле мен эмес, бутпарастардан түзүлгөн Жыйындардын баары ыраазы. Алардын үйүнө чогулган Жыйынга да салам айтып койгула.
5
Ахаяда Машайакка биринчи болуп ишенген менин сүйүктүүм Эпейнетке салам айтып койгула.
6
Силер үчүн көп кызмат кылган Мариямга салам айтып койгула.
7
Мени менен бирге түрмөдө отурган бир туугандарым Андроникке жана Унияга салам айтып койгула. Машайакка менден мурун ишенип калган алар элчилердин арасында кадыр-баркка ээ.
8
Теңир жолунда жүргөн менин сүйүктүүм Ампилийге салам айтып койгула.
9
Машайакка биз менен бирге кызмат кылган Урбанга жана менин сүйүктүүм Стахиске салам айтып койгула.
10
Машайак жолунда сыноодон өткөн Апелеске салам айтып койгула. Аристобулдун үйүндөгүлөрүнүн ишенгендерине да салам айтып койгула.
11
Менин тууганым Иродийонго жана Наркистин үйүндөгүлөрүнүн Теңирге ишенгендерине салам айтып койгула.
12
Теңирге кызмат кылган Трифайнага жана Трипосага салам айтып койгула. Теңир үчүн көп кызмат кылган менин сүйүктүүм Персидага салам айтып койгула.
13
Теңир тандап алган Рутка жана мага да эне сыяктуу болуп калган анын энесине салам айтып койгула.
14
Асинкиритке, Пилегонтко, Эрмаска, Патропко, Эрмеске жана алардын жанындагы бир туугандарга салам айтып койгула.
15
Филолог менен Улияга, Нерейге жана анын карындашына, Олимпанга жана алардын жанындагы ыйыктардын баарына салам айтып койгула.
16
Ыйык өбүшүү менен саламдашкыла. Силерге Машайактын бардык Жыйындары салам айтып жатышат.
17
Бир туугандар, силерди бул нерсеге чакырамын: ортого жик салуучулардан жана өзүңөр үйрөнгөн окутууга каршы азгыруучулардан сак болгула, андайлардан алыс болгула.
18
Анткени андай адамдар Теңирибиз Ыйса Машайакка эмес, өздөрүнүн курсагына кызмат кылышат. Ишенчээк адамдарды кулакка жагымдуу сөздөр менен, чечендик менен азгырышат.
19
Силердин тил алчаактыгыңар баарына белгилүү. Ошондуктан мен силер үчүн кубанамын. Бирок мен силердин жакшы иштерди акылмандык менен кылышыңарды, жаман иштер менен булганбашыңарды каалаймын.
20
Тынчтыктын булагы болгон Кудай жакында силердин бутуңардын астында шайтанды тебелеп салат. Теңирибиз Ыйса Машайак силерге ырайымын төгө берсин! Оомийин.
21
Менин кызматташым Тиметей жана туугандарым Лукий, Жасон жана Сосипатыр силерге салам айтып жатышат.
22
Бул катты жазган мен – Тертий да Теңир жолунда жүргөн силерге салам айтамын.
23
Мага жана бүт Жыйынга меймандостугун көрсөтүп жаткан Гай силерге салам айтып жатат. Шаардын казына башчысы Эраст жана бир тууганыбыз Куарт силерге салам айтып жатышат.
24
Теңирибиз Ыйса Машайак баарыңарга ырайымын төгө берсин! Оомийин!
← Chapter 15
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16