bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Romans 13
Romans 13
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 12
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 14 →
1
Ар бир адам жогорку бийликтегилерге баш ийсин. Анткени Кудайдан болбогон бийлик жок, бийликтин баарын Кудай орноткон.
2
Мына ошондуктан бийликке каршы чыккан адам Кудайдын тартибине каршы чыккан болот. Каршы чыккандар болсо өздөрүн өздөрү жазага дуушар кылышат.
3
Анткени башчылардан жакшы иш кылгандар эмес, жаман иш кылгандар коркушат. Бийликтен корккуң келбесе, жакшы иштерди кыл. Ошондо андан мактоо угасың.
4
Анткени башчы – Кудайдын кулу, ал сага жакшы болуш үчүн коюлган. Эгерде жаман иш кылып жатсаң, корк. Себеби ал бекеринен кылыч алып жүрбөйт. Ал – Кудайдын кулу, жаман иш кылгандарды жазалоо үчүн коюлган.
5
Ошондуктан жазадан корккондуктан эле эмес, абийириңердин таза болушу үчүн да баш ийишиңер керек.
6
Ошон үчүн салык да төлөп жатасыңар. Анткени алар – Кудайдын кызматчылары, ар дайым ошол иш менен алек болушат.
7
Ар кимге өз тиешесин бергиле: кимге салык төлөө керек болсо, салык төлөгүлө; кимге бажы акысын берүү керек болсо, бажы акысын бергиле; кимден коркуу керек болсо, корккула; кимге урмат көрсөтүү керек болсо, урмат көрсөткүлө.
8
Бири-бириңерди сүйгөндөн башка эч кимге эч нерсе менен карыз болбогула. Анткени жакынын сүйгөн адам мыйзамды аткарган болот.
9
Анткени «Ойноштук кылба», «Киши өлтүрбө», «Уурулук кылба», «Башка бирөөнүкүнө көз артпа» деген жана башка осуяттардын бардыгы «Өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды да ошондой сүй» деген сөз менен жыйынтыкталат.
10
Сүйүү жакынына жамандык кылбайт. Демек, сүйүү – мыйзамдын аткарылышы.
11
Уйкудан ойгоно турган убакыт келгенин билишиңер керек. Анткени биз ишенип калган убакка караганда, азыр бизге куткарылуу жакын.
12
Түн өтүп баратат, күн жакындап калды, ошондуктан караңгылыктын иштеринен баш тартып, жарыктын куралдарын асыналы.
13
Шапар тебүүнү жана ичкиликти, аял (эркек) жандуулукту жана бузуктукту, уруш-талашты жана көрө албастыкты калтырып, күндүз жүргөн сыяктуу, өзүбүздү жакшы алып жүрөлү.
14
Теңирибиз Ыйса Машайак менен тыгыз байланышта болгула. Денеге кам көрүүнү кумарга айландырбагыла.
← Chapter 12
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 14 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16