bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Romans 7
Romans 7
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 6
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 8 →
1
Же силер, бир туугандар, (анткени мыйзамды билгендерге айтып жатамын) өлгөнгө чейин адамдын үстүнөн мыйзам бийлик жүргүзөрүн билбейсиңерби?
2
Анткени күйөөсү бар аял күйөөсү тирүү кезинде ага мыйзам менен байланган. Эгерде күйөөсү өлүп калса, күйөөсүнө байлаган мыйзамдын бийлигинен бош болот.
3
Ошондуктан аял күйөөсү тирүү кезинде башка күйөөгө тийип кетсе, анда ал нике бузуучу болуп эсептелет. Эгерде күйөөсү өлүп калса, ал мыйзамдын бийлигинен бошотулат; башка күйөөгө тийсе, ал нике бузуучу болуп эсептелбейт.
4
Ошол сыяктуу эле силер да, менин бир туугандарым, Кудайга жемиш алып келүү үчүн, Башкага, өлгөндөрдүн арасынан Тирилгенге, тиешелүү болуу үчүн, Машайактын денеси аркылуу мыйзам үчүн өлгөнсүңөр.
5
Анткени биз эски табиятыбыздын жетегинде жашап жүргөнүбүздө, мыйзам аркылуу белгилүү болгон күнөөлүү кумарлар биздин дене мүчөлөрүбүздө өлүмгө дуушар кыла турган жемиш берүү үчүн бийлик жүргүзүшчү.
6
Бизди байлап турган мыйзам үчүн өлүп, байыркы тамганын негизинде эмес, жаңыланган рух менен Кудайга кызмат кылыш үчүн, биз азыр мыйзамдын бийлигинен бошотулганбыз.
7
Анда эмне демекчибиз? Мыйзамдын өзү күнөөбү? Албетте, жок! Бирок мыйзам болбогондо, мен күнөө эмне экенин таанып билмек эмесмин. Эгерде мыйзамда: «Бирөөнүкүнө көз артпа», – деп айтылбаса, мен көз артуу деген эмне экенин түшүнбөйт болчумун.
8
Бирок күнөө осуятты шылтоо кылып, менин ичимде ар кандай көз артууну пайда кылды. Себеби мыйзам жок болсо, күнөө өлүк болот.
9
Мен бир кезде мыйзамсыз эле жашачумун, бирок осуят келгенде, күнөө тирилди, мен болсо өлдүм.
10
Өмүргө ээ болуум үчүн берилген бул осуят мени өлүмгө дуушар кылды.
11
Себеби күнөө осуятты себеп кылып, мени алдап, осуят аркылуу өлтүрдү.
12
Ошондуктан мыйзам ыйык, осуят да ыйык, адилет жана жакшы.
13
Демек, жакшы нерсе мени өлүмгө дуушар кылдыбы? Албетте, жок! Бирок күнөө жакшы нерсенин жардамы менен мени өлүмгө дуушар кылып, күнөө катары таанылды. Ошентип, ал осуят аркылуу жогорку чектеги күнөө катары таанылат.
14
Анткени биз мыйзамдын рухий нерсе экенин билебиз. Мен болсо күнөөгө сатылган адаммын.
15
Мен өзүмдүн эмне кылып жатканымды түшүнбөйм. Анткени мен өзүм каалаганды эмес, өзүм жек көргөндү кылып жатам.
16
Эгерде мен өзүм жек көргөндү кылып жатсам, анда мен мыйзамдын жакшы экенине кошулам.
17
Анда аны мен эмес, менин ичимдеги күнөө жасап жатат.
18
Анткени менин ичимде, тактап айтканда, менин күнөөкөр табиятымда жакшы нерсе жок экендигин билем. Себеби жакшылык жасагым келсе да, жакшылык жасай албайм.
19
Мен өзүм каалаган жакшылыкты эмес, өзүм каалабаган жамандыкты кылам.
20
Эгерде мен өзүм каалабаганды жасап жатсам, анда азыр аны мен эмес, менин ичимдеги күнөө жасап жатат.
21
Ошентип, мен мындан мындай мыйзамды көрүп жатам: мен жакшылык жасайын дегенде, жамандык жабыша калат.
22
Анткени рухум менен Кудайдын мыйзамынан ырахат алып жатам.
23
Бирок дене мүчөлөрүмдө башка мыйзам бар экенин көрүп жатам. Бул да менин акылым кабыл алган мыйзамга каршы турат жана мени дене мүчөлөрүм баш ийбеген күнөөнүн мыйзамына туткун кылып жатат.
24
Мен бир байкуш адаммын! Өлүмгө дуушар кыла турган ушул денеден мени ким куткарат?
25
Теңирибиз Ыйса Машайак аркылуу Кудайга ыраазычылык билдирем. Ошентип, мен акылым менен Кудайдын мыйзамына, ал эми күнөөкөр табиятым менен күнөөнүн мыйзамына кызмат кылып жатам.
← Chapter 6
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 8 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16