bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Romans 12
Romans 12
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 11
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 13 →
1
Ошондуктан, бир туугандарым, Кудайдын боорукердиги менен силерден өтүнөмүн: Кудайга өзүңөрдүн денеңерди тирүү, ыйык жана Ага жага турган курмандык катары бергиле. Бул силердин рухий кызматыңар болот.
2
Бул дүйнөгө ылайыкташпагыла, тескерисинче, Кудайдын жакшы, Өзүнө жаккан жана жеткилең эрки эмне экендигин таанып билүү үчүн, акыл-оюңарды жаңылантып туруу аркылуу толугу менен өзгөрүлгүлө.
3
Мага көрсөтүлгөн ырайымдын негизинде ар бириңерге айтамын: өзүңөр жөнүндө керектүүдөн артык ойлобогула, тескерисинче, Кудай ар бириңерге бөлүп берген ишенимиңерге жараша туура ой жүгүрткүлө.
4
Анткени денебиздин мүчөлөрү көп болгону менен, бардык мүчөлөрдүн кызматы бирдей болбогон сыяктуу эле,
5
биз да көп болгонубузга карабастан, Машайактын ичинде бир денени түзөбүз, ал эми өз-өзүнчө алганда, бири-бирибизге мүчөбүз.
6
Кудайдын бизге көрсөткөн ырайымынын негизинде ар кандай рухий жөндөмдүүлүктөргө ээбиз. Кимде пайгамбарчылык кылуу жөндөмдүүлүгү бар болсо, анда ал ишенимге ылайык пайгамбарчылык кылсын.
7
Кимде кызмат кылуу жөндөмдүүлүгү бар болсо, ал кызмат кылсын. Кимде окутуу жөндөмдүүлүгү бар болсо, ал окутсун.
8
Кимде насаат айтуу жөндөмдүүлүгү бар болсо, ал насаат айтсын. Кимде таратуу жөндөмдүүлүгү бар болсо, ал берешендик менен таратсын. Кимде башкаруу жөндөмдүүлүгү бар болсо, ал бүт аракети менен башкарсын. Кимде кайрымдуулук кылуу жөндөмдүүлүгү бар болсо, ал кубаныч менен кайрымдуулук кылсын.
9
Сүйүүңөр жалган болбосун: жамандыктан баш тартып, жакшылык кылууга умтулгула.
10
Бири-бириңерди бир туугандык сүйүү менен, чын жүрөктөн сүйгүлө; бири-бириңерди озунуп урматтагыла.
11
Аракетиңерден жазбагыла, рухуңарды жалындаткыла, Теңирге кызмат кылгыла.
12
Үмүт менен кубангыла, кыйынчылыкка туруштук бергиле, туруктуулук менен сыйынгыла.
13
Муктаждыгы бар ыйыктарга жардам бергиле, меймандос болууга аракеттенгиле.
14
Силерди куугунтуктагандарга бата бергиле. Бата бергиле, каргабагыла.
15
Кубангандар менен кубангыла, ыйлагандар менен ыйлагыла.
16
Өз ара бир ойдо болгула. Өзүңөр жөнүндө жогору ойлобогула, тескерисинче, момундардын жолун жолдогула. Өзүңөрдү акылдуу эсептебегиле.
17
Жамандыкка жамандык менен жооп бербегиле, тескерисинче, бардык адамдардын алдында жакшылык кылууга аракеттенгиле.
18
Мүмкүн болушунча, бардык адамдар менен тынчтыкта болгула.
19
Сүйүктүүлөр, өзүңөр үчүн өч албагыла, тескерисинче, Кудайдын каарына орун бергиле. Анткени Ыйык Жазууда: «Теңир мындай дейт: Өч Меники, Мен тиешесин берем», – деп жазылган.
20
Душманың ачка болсо, аны тойгуз; суусап турса, суусунун кандыр. Анткени ушундай кылуу менен сен анын башына чок үйөсүң.
21
Жамандыкка жеңилбе, тескерисинче, жамандыкты жакшылык менен жең.
← Chapter 11
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 13 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16