bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Hebrews 1
Hebrews 1
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 2 →
1
Буга чейин ата-бабаларыбызга пайгамбарлар аркылуу ар кандай жолдор менен сүйлөп келген Кудай
2
акыркы күндөрдө бизге Уулу аркылуу сүйлөдү. Ал аркылуу Кудай ааламды жараткан жана Аны баарына мураскор кылып дайындаган.
3
Уул Теңирдин даңкын чагылдырып турат, Ал – Анын табиятынын толук көчүрмөсү. Ал Өз Сөзүнүн күчү менен бардык нерсени кармап турат. Күнөөлөрдөн тазалоону ишке ашыргандан кийин, Ал асмандагы улуу Кудайдын оң жагына отурду.
4
Периштелерден Ал канчалык жогору болсо, алардын алдында Анын мураска алган ысымы да ошончолук жогору.
5
Кудай периштелердин кимисине: «Сен Менин Уулумсуң, бүгүн Мен Сенин Атаң болдум» же «Мен Ага Ата болом, Ал Менин Уулум болот», – деп айтты эле?
6
Тун Уулун дүйнөгө кайра дагы алып киргенде, Ал мындай дейт: «Кудайдын бардык периштелери Ага табынышсын».
7
Периштелер жөнүндө Ыйык Жазууда мындай деп айтылган: «Сен Өзүңдүн периштелериңди шамал, кызматчыларыңды жалындаган от кыласың».
8
Ал эми Уул жөнүндө мындай деп айтылган: «Оо, Кудай, Сенин тактың түбөлүктүү, Сенин Падышачылыгыңдын таягы – адилеттик таягы.
9
Сен чындыкты сүйүп, мыйзамсыздыкты жек көрдүң. Мына ошон үчүн Кудай, Сенин Кудайың, жолдошторуңа караганда Сени кубаныч майы менен көбүрөөк майлаган.
10
Сен, Теңир, адегенде жерди негиздегенсиң, асманды да Сенин колдоруң жараткан.
11
Алар жок болушат, Сен болсо түбөлүк жашайсың. Алардын баары чапандай эскирет.
12
Сен аларды жабуудай түрөсүң, кийимдей алмаштырасың, алар өзгөрөт. Бирок Сен ошол бойдонсуң, Сенин жылдарыңдын аягы жок».
13
Кудай периштелердин кимисине: «Мен Сенин душмандарыңды бут алдыңа жыгып бергенге чейин, Менин оң жагыма отур», – деп айтты эле?
14
Периштелердин баары куткарылууну мураска алчуларга кызмат кылуу үчүн, Теңир тарабынан жиберилген кызмат кылуучу рухтар гана эмеспи?
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 2 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13