bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Hebrews 5
Hebrews 5
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 4
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 6 →
1
Адамдардын арасынан тандалып алынган ар бир башкы ыйык кызмат кылуучу адамдар үчүн Кудайга кызмат кылууга, алардын күнөөлөрү үчүн алып келген тартуулары менен курмандыктарын Кудайга алып келүүгө дайындалат.
2
Өзү да алсыз болгондуктан, түркөй жана адашкан адамдарга ырайымдуу мамиле кыла алат.
3
Ошондуктан ал Кудайга өз күнөөсү үчүн да, элдин күнөөсү үчүн да курмандык алып келиши керек.
4
Адам башкы ыйык кызмат кылуучу болуу урматына өзү ээ боло албайт. Ал бул урматка Арун сыяктуу Теңир тарабынан чакырылганда гана ээ болот.
5
Ошол сыяктуу эле Машайак да Башкы ыйык кызмат кылуучу болуу даңкына Өзү ээ болгон жок. «Сен Менин Уулумсуң, бүгүн Мен Сенин Атаң болдум» деген Кудай Аны даңкка ээ кылды.
6
Башка бир жерде Ал мындай дейт: «Сен Малки-Седек даражасындагы түбөлүктүү Ыйык кызмат кылуучусуң».
7
Ал адам болуп жашап жүргөн күндөрүндө өлүмдөн алып кала алчу Кудайга катуу үн менен сыйынды, көз жаш менен жалбарды. Кудайды урматтагандыгы үчүн, Анын сыйынуусу угулду.
8
Ал Кудайдын Уулу болгонуна карабастан, азап чегүү аркылуу моюн сунууга үйрөндү.
9
Жеткилеңдикке жеткен Ал Өзүнө моюн сунган адамдардын баары үчүн түбөлүктүү куткарылуунун булагы болуп калды.
10
Кудай тарабынан Ага Малки-Седек даражасындагы Башкы ыйык кызмат кылуучунун наамы берилди.
11
Бул тууралуу көп эле нерсени айтышыбыз керек эле, бирок силердин түшүнүшүңөр кыйын, анткени силер угууга жөндөмсүз болуп калдыңар.
12
Убакыт боюнча алып караганда, силер окутуучу болуп калышыңар керек эле, бирок силерге кайрадан Кудай Сөзүндөгү окутуунун алгачкы негиздерин үйрөтүш керек болуп калды. Силерге күчтүү тамак эмес, сүт керек.
13
Ким сүт менен азыктанса, ал чындык сөзү боюнча тажрыйбасыз, анткени ал али наристе.
14
Күчтүү тамак болсо акыл-сезими жаман-жакшыны айырмалай билүүгө көнүккөн жеткилең адамдар үчүн.
← Chapter 4
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 6 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13