bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Hebrews 3
Hebrews 3
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 4 →
1
Ошондуктан, ыйык бир туугандар, асман чакырыгынын катышуучулары, биздин ишенимибиздин негизи болгон Элчи жана Башкы ыйык кызмат кылуучу Ыйсаны карагыла.
2
Кудай үйүндө бардык жагынан Кудайга ишенимдүү болгон Муса сыяктуу эле, Ыйса да Өзүн дайындаган Кудайга ишенимдүү.
3
Үйдү курган адам үйгө караганда чоң урматка ээ болгондой эле, Мусага караганда Ыйса чоң урматка ээ.
4
Ар бир үйдүн куруучусу бар, ал эми бардык нерсенин куруучусу – Кудай.
5
Муса болсо жарыяланышы керек болгон сөздөрдү жарыялаш үчүн, Кудай үйүндө кызматчы катары бардык жагынан ишенимдүү болгон.
6
Ал эми Машайак Анын үйүндө Уулу катары ишенимдүү. Анын үйү болсо бизбиз. Эгерде кайраттуулугубузду жана мактанган үмүтүбүздү аягына чейин бекем сактасак, Анын үйүбүз.
7
Ошондуктан Ыйык Рух айткандай: «Бүгүн Анын үнүн укканыңарда,
8
чөлдөгү сыноо күндөрүндөгү козголоң убагындагыдай, жүрөгүңөрдү катуулантпагыла.
9
Ата-бабаларыңар ал жерде Мени сынашты, кырк жыл бою Менин иштеримди көрүштү.
10
Ошондуктан Мен ал муунга каардана мындай дедим: “Жүрөктөрү кайра-кайра адашат, алар Менин жолдорумду таанып билишкен жок”.
11
Ошондуктан Мен каарданып турганымда: “Алар Менин бейпил жайыма киришпейт”, – деп ант бергем».
12
Бир туугандар, сак болгула, тирүү Кудайдан баш тартпашыңар үчүн, эч кимиңердин жүрөгүңөрдө амалкөйлүк, ишенбестик болбосун.
13
Кимдир бирөөңөр күнөөгө азгырылып, жүрөгүңөрдү катуулантпашыңар үчүн, «бүгүн» деп айта турган күн келгенге чейин, ар күнү бири-бириңерге акыл-насаат айткыла.
14
Баштапкы ишенимибизди акырына чейин бекем сактаганда гана Машайак менен катышыбыз болот.
15
Жогоруда айтылгандай: «Бүгүн Анын үнүн укканыңарда, козголоң убагындагыдай, жүрөгүңөрдү катуулантпагыла».
16
Анын үнүн уккандар, Ага каршы чыккандар кимдер эле? Мусанын жетеги менен Мисирден чыккандардын баары эмес беле?
17
Кырк жыл бою Кудай кимге каарданды эле? Күнөө кылгандарга эмеспи? Алардын сөөгү чөлдө калган.
18
«Алар Менин бейпил жайыма киришпейт», – деп, баш ийбегендерге каршы ант бербегенде, анан кимге каршы ант берди эле?
19
Ошентип, биз алардын ишенбестиктен улам кире албагандыгын көрүп турабыз.
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 4 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13