bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Hebrews 6
Hebrews 6
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 5
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 7 →
1
Ошондуктан Машайак жөнүндөгү окутуунун алгачкы негиздерине токтоло бербей, өлүк иштер үчүн тобо кылуу, Кудайга ишенүү, чөмүлдүрүүлөр, кол коюу, өлгөндөрдүн тирилиши жана түбөлүк сот жөнүндөгү алгачкы түшүнүктөргө кайра-кайра кайрыла бербей, жеткилең болууга умтулалы.
3
Кудай кааласа, муну да кылабыз.
4
Бир кезде чындыкты билген, асман белегинен даам таткан, Ыйык Рухка үлүштөш болгон,
5
Кудайдын жакшы Сөзүнүн жана келечектеги замандын кудуретинин даамын таткан адамдар
6
ишенимден четтеп кетишсе, аларды кайрадан тобо кылдыруу аркылуу баштапкы абалына келтирүү мүмкүн эмес. Анткени алар ушинтүү менен Кудай Уулун кайрадан айкаш жыгачка керип, жаманатты кылышууда.
7
Жамгыр менен көп жолу сугарылып, дыйкандарга өз түшүмүн берген жер Кудайдан бата алат.
8
Ал эми төө тикен менен коко тикенди өстүргөн жер – жараксыз, каргышка кала турган, акыры өрттөлө турган жер.
9
Сүйүктүүлөрүм, ушинтип айтканыбыз менен, силердин абалыңар мындан жакшыраак экенине жана куткарылууну бекем тутуп жүргөнүңөргө ишенебиз.
10
Анткени Кудай адилетсиз эмес, Ал силердин эмгегиңерди жана Анын ысымы үчүн ыйыктарга көрсөткөн сүйүүңөрдү, аларга кылган жана кылып жаткан кызматыңарды унутпайт.
11
Толук үмүткө ээ болуш үчүн, ар бириңердин аягына чейин ушундай аракет кылышыңарды каалайбыз.
12
Жалкоолонбогула, убадаланганды ишеними жана чыдамдуулугу менен мурастагандардан үлгү алгыла.
13
Кудай Ыбрайымга убада бергенде, Өзүнөн жогору эч ким жок болгондуктан, Өзү менен ант берип, мындай деген:
14
«Сага батамды мол берем, сенин тукумуңду көбөйткөндөн көбөйтөм».
15
Ыбрайым чыдамдуулук менен күтүп, убадаланганга ээ болду.
16
Адамдар жогорку нерсе менен ант беришет, ант айтылган сөздү бекемдеп, талаш-тартышты токтотот.
17
Ошол сыяктуу эле Кудай да убадалангандын мураскорлоруна Өз эркинин өзгөрбөстүгүн ачыгыраак көрсөткүсү келгендиктен, убадасын ант менен бекемдеди.
18
Баш паанек тапкан жана алдыбыздагы үмүттү карманган биз Кудайдын калп айтууга мүмкүн болбогон өзгөргүс эки нерсеси – убадасы жана анты менен сооронушубуз үчүн ошондой кылды.
19
Биздин жаныбыз үчүн кеменин оор кайырмак темириндей бекем жана ишенимдүү болгон ал үмүт көшөгөнүн артына өтө алат.
20
Ыйса түбөлүккө Малки-Седек даражасындагы Башкы ыйык кызмат кылуучу болуп, ошол жерге бизден мурун, биз үчүн кирди.
← Chapter 5
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 7 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13