bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Hebrews 2
Hebrews 2
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 3 →
1
Ошондуктан ишенимден тайбаш үчүн, уккан сөзүбүзгө өзгөчө маани беришибиз керек.
2
Эгерде периштелер аркылуу жарыяланган сөз милдеттендирүүчү сөз болгон болсо, ар бир күнөө, тил албастык тиешелүү жазасын алган болсо,
3
ушундай улуу куткарылууну барк албай койсок, анда биз жазадан кантип качып кутулабыз? Башында Теңир тарабынан жар салынган бул куткарылууну бизге Андан уккандар ырастап беришти.
4
Кудай да аны Өзүнүн керемет-жышаандары, ажайыптары, ар түрдүү күчтөрү жана Өз каалоосуна жараша Ыйык Рухту бөлүштүрүп берүүсү менен күбөлөндүргөн.
5
Анткени Кудай биз айтып жаткан келечектеги ааламды периштелерге багындырып берген эмес.
6
Бирөө бир жерде мындай деп күбөлөндүргөн экен: «Сен унутпагыдай, адам ким? Өзүң келип тургудай, адам баласы ким?
7
Сен аны периштелердин алдында бир аз убакытка эле басынттың. Ага урмат менен атак-даңкты таажы кылып кийгиздиң. Аны Өз колуң менен жасагандарыңдын үстүнө башчы кылып койдуң.
8
Бардыгын бут алдына жыгып, багындырып бердиң». Бардыгын Ага багындырып бердиң, Ага багындырылбаган нерсе калган жок, бирок баары Ага багындырылганын азырынча көрө элекпиз.
9
Бирок биз периштелердин алдында бир аз эле убакытка басынтылган Ыйсанын өлүмдү баштан кечиргендиги үчүн даңк менен урматты таажы катары кийгендигин көрдүк. Ал Кудайдын ырайымы боюнча бардыгы үчүн өлүмдү башынан кечирди.
10
Баары Ал үчүн жана Ал аркылуу жаратылган. Көптөгөн балдарын даңкка жетелеген Ал алардын куткарылуусунун Башчысын азап чегүүлөр аркылуу жеткилең кылышы керек эле.
11
Анткени ыйыктаган да, ыйыкталгандар да – баары бир Атадан. Ошондуктан Ыйса аларды бир туугандарым дегенден уялбайт:
12
«Сенин ысымыңды бир туугандарыма жарыялайм, Сени жыйында даңктап ырдайм», – дейт.
13
Ошондой эле: «...Мен Андан үмүттөнөм», дагы: «Мына, Мен жана Кудайдын Мага берген балдары», – дейт.
14
Балдарынын денеси эттен жана кандан тургандыктан, Ыйса да эт менен кандан турган денеге ээ болду. Ал Өз өлүмү менен өлүм бийлигине ээ шайтанды күчүнөн ажыратыш үчүн,
15
өлүмдөн коркуп, өмүр бою кул болуп жүргөндөрдү эркиндикке чыгарыш үчүн, денеге ээ болду.
16
Себеби Ал периштелер үчүн эмес, Ыбрайымдын тукуму үчүн кам көрөт.
17
Ошондуктан Ал Кудай алдында ырайымдуу, ишенимдүү Башкы ыйык кызмат кылуучу болуш үчүн, адамдардын күнөөлөрү үчүн чалына турган ырайым курмандыгы болуш үчүн, бардык жагынан бир туугандарына окшош болууга тийиш эле.
18
Өзү сыналып азап чеккендиктен, сыналып жаткандарга да жардам бере алат.
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 3 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13