bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Hebrews 8
Hebrews 8
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 7
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 9 →
1
Биз айтып жаткандардын эң башкысы бул: Улуулуктун тактысынын оң жагында отурган Башкы ыйык кызмат кылуучубуз бар.
2
Ал – чыныгы жыйын чатырынын жана адам эмес, Теңир тургузган ыйык жайдын Ыйык кызмат кылуучусу.
3
Ар бир башкы ыйык кызмат кылуучу тартууларды жана курмандыктарды Кудайга алып келүү үчүн дайындалат. Ошол себептүү биздин Башкы ыйык кызмат кылуучубуздун да Кудайга алып келгенге бир нерсеси болушу керек.
4
Эгерде Ал жерде калса, анда Ыйык кызмат кылуучу болмок эмес. Анткени мыйзам боюнча Кудайга курмандык алып келе турган ыйык кызмат кылуучулар бар.
5
Алар асмандагынын бейнеси менен көлөкөсүнө кызмат кылышат. Муса жыйын чатырын курууга киришкенде, ага Кудай тарабынан мындай деп айтылган: «Байкагын, аларды Мен сага тоодо көрсөткөн үлгү боюнча жаса».
6
Бул Башкы ыйык кызмат кылуучу мурункудан жогору кызматты алды, Ал – мурункудан жакшы келишимдин арачысы, ал келишим мурункудан жакшы убадаларга негизделген.
7
Эгерде биринчи келишим кынтыксыз болсо, экинчисинин кереги жок болмок.
8
Ал аларды мындай деп жемелейт: «Ысрайыл жана Жүйүт менен Мен жаңы келишим түзө турган күндөр келе жатат.
9
Бирок бул келишим Менин алардын ата-бабалары менен түзгөн келишимимдей эмес. Мен ал келишимди алардын ата-бабаларын Мисир жеринен алып чыгыш үчүн, аларды колунан алган күнү түзгөм. Бирок алар келишимди сакташкан жок, ошондуктан Мен алардан жүзүмдү бурдум, – дейт Теңир.
10
Бирок ошол күндөрдөн кийин Мен Ысрайыл менен мындай келишим түзөм, – дейт Теңир, – Мен Өзүмдүн мыйзамдарымды алардын акылына салам, алардын жүрөктөрүнө жазам, алардын Кудайы болом, алар болсо Менин элим болушат.
11
Ошондон кийин эч ким өз жакынын, эч ким өз бир тууганын: “Теңирди таанып билгиле”, – деп үйрөтпөй калат, анткени алардын бардыгы, кичинесинен чоңуна чейин, Мени таанып билишет.
12
Анткени Мен аларга ырайым кылып, адилетсиздиктерин кечирем, мындан ары алардын күнөөлөрү менен мыйзамсыздыктарын эстебейм».
13
«Жаңы» деп айтуу менен мурункунун эскиргендигин көрсөттү. Ал эми көөнөргөн, эскирип бара жаткан нерсе жок болуунун алдында турат.
← Chapter 7
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 9 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13