bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Judges 10
Judges 10
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 9
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 11 →
1
Абы-Мелектен кийин Ысрайылды куткарыш үчүн, Исахар уруусунан Додонун уулу, Пуянын уулу Тола чыкты. Ал Эпрайым тоосундагы Шамирде жашачу.
2
Ал Ысрайылга жыйырма үч жыл башкаруучу болду. Көз жумуп, Шамирге коюлду.
3
Андан кийин гилаттык Жайыр чыкты, ал Ысрайылга жыйырма эки жыл башкаруучу болду.
4
Анын отуз жаш эшекке минип жүргөн отуз уулу болгон, алардын отуз шаары бар эле. Аларды ушул кезге чейин Гилат жериндеги Жайырдын шаарлары дешет.
5
Жайыр көз жумуп, Камонго коюлду.
6
Ысрайыл уулдары кайрадан Теңирдин көз алдында жаман иштерин кыла башташты. Алар Баалдар менен Ашейраларга, арамейликтердин, сидондуктардын, мааптыктардын, амондуктардын, пелиштиликтердин кудайларына кызмат кылып жатышты. Теңирди таштап, Ага кызмат кылбай калышты.
7
Теңир Ысрайылга каарданып, аларды пелиштиликтер менен амондуктардын колуна салып берди.
8
Алар ошол жылдан тартып Иордандын аркы өйүзүндө, аморлуктардын Гилаттагы жеринде жашаган ысрайылдыктарды он сегиз жыл кысымга алып эзишти.
9
Амондуктар Жүйүт, Бенжемин жана Эпрайым уруулары менен согушуу үчүн, Иордандан өтүп келишти. Ысрайыл уулдары абдан кыйналышты.
10
Ошондо Ысрайыл уулдары Теңирге боздоп кайрылышты: «Биз Сенин алдыңда күнөөгө баттык, себеби Кудайыбызды таштап, Баалдарга кызмат кылдык».
11
Теңир Ысрайыл уулдарына мындай деди: «Силерди мисирликтер, аморлуктар, амондуктар, пелиштиликтер,
12
сидондуктар, амалыктыктар, мааптыктар эзишкенде, силер Мага кайрылганда, Мен силерди алардын колунан куткарып турган жок белем?
13
Силер болсо Мени таштап, башка кудайларга табынып кеттиңер. Ошон үчүн Мен силерди эми куткарбайм.
14
Баргыла да, өзүңөр тандап алган кудайларыңарга жалынгыла, башыңарга түшкөн кыйынчылыктан силерди ошолор куткарсын».
15
Ошондо Ысрайыл уулдары Теңирге: «Күнөөгө баттык, бизди эмне кылсаң, Өзүң бил, азыр бизди куткарып кал», – дешти.
16
Ошентип, алар бөтөн кудайларды таштап, Теңирге кызмат кыла башташты. Ысрайылдын азап тартып жатканын көрүп, Ал чыдап тура алган жок.
17
Амондуктар чогулуп, стандары менен Гилатка жайланышышты. Ысрайыл уулдары да чогулуп, стандары менен Миспага жайланышышты.
18
Ошондо Гилаттын эли менен төрөлөрү бири-бирине: «Амондуктарга каршы салгылашты ким биринчи баштаса, ошол бардык Гилат тургундарынын башчысы болот», – дешти.
← Chapter 9
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 11 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21