bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Judges 12
Judges 12
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 11
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 13 →
1
Эпрайымдыктар чогулуп, Сапонго өтүп келишти да, Иптахка: «Эмне үчүн бизди жардамга чакырбай эле, амондуктар менен согушканы кетип калдың? Үстүңдөгү үйүң менен кошо өрттөп жиберебиз», – дешти.
2
Иптах аларга: «Менин, менин элим менен амондуктардын ортосунда чоң келишпестик бар болчу. Силерди чакыргам, бирок силер мени алардын колунан куткарган жоксуңар.
3
Куткарбасыңарды көрүп, мен өз өмүрүмдү тобокелге салып, амондуктарга каршы бардым. Теңир аларды менин колума салып берди. Силер эми эмнеге мени менен согушканы келдиңер?» – деди.
4
Анан Иптах Гилаттын бардык элин топтоп, эпрайымдыктар менен салгылашты. Эпрайымдыктар: «Силер качкын эпрайымдыктарсыңар. Гилат Эпрайымдын да, Менашенин да арасында жашайт», – деп айтышкандыгы үчүн, гилаттыктар аларды кырып салышты.
5
Гилаттыктар Иордандын өткөөлдөрүн эпрайымдыктардан тартып алышты. Аман калган эпрайымдыктардын бири: «Өткөөлдөн өтүп кетүүгө уруксат эт», – дегенде, гилаттыктар андан: «Сен эпрайымдыктардан болосуңбу?» – деп сурашчу. Тиги: «Жок», – деп жооп берсе,
6
анда гилаттыктар ага: «“Шибболет” деп айт», – дешчү. “Шибболет” деп айта албай, “Сибболет” деп айткан адамды гилаттыктар Иордан өткөөлүндө өлтүрүп салышчу. Ошентип, эпрайымдыктардан кырк эки миң адам өлдү.
7
Иптах Ысрайылга алты жыл башкаруучу болду. Гилаттык Иптах көз жумуп, Гилат шаарларынын бирине коюлду.
8
Андан кийин Ысрайылга Бейт-Лехемден чыккан Ипсан башкаруучу болду.
9
Анын отуз уулу болгон, отуз кызын күйөөгө берген, отуз кызды сырттан келин кылып алган. Ал Ысрайылга жети жыл башкаруучу болду.
10
Ипсан көз жумуп, Бейт-Лехемге коюлду.
11
Андан кийин Ысрайылга забулундук Эйлон башкаруучу болуп, Ысрайылды он жыл башкарды.
12
Забулундук Эйлон да көз жумуп, забулундуктардын жери Айалонго коюлду.
13
Андан кийин Ысрайылга пиратондук Илейелдин уулу Абдон башкаруучу болду.
14
Анын жетимиш кодикке минген кырк уулу, отуз небереси болгон. Ал Ысрайылды сегиз жыл башкарды.
15
Пиратондук Илейелдин уулу Абдон да көз жумуп, эпрайымдыктардын жериндеги, амалыктыктардын тоосундагы Пиратонго коюлду.
← Chapter 11
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 13 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21