bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Judges 17
Judges 17
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 16
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 18 →
1
Эпрайым тоосунда Миха деген бир адам болгон.
2
Ал энесине: «Сенин бир миң бир жүз шекел күмүшүңдү алып кетишкенде, сен менин көзүмчө каргыш айткансың. Ошол күмүш менде. Аны мен алгам», – деди. Энеси: «Уулумду Теңир жалгасын!» – деди.
3
Анан ал энесине бир миң бир жүз шекел күмүштү кайрып берди. Энеси: «Бул күмүштөрдү Теңирге арнадым. Мен буларды сага берем, сен булардан жасалма кудай, буркан жаса», – деди.
4
Бирок ал күмүштөрдү энесине кайра кайрып берди. Энеси эки жүз шекел күмүштү алып, күмүш эритүүчү устага берди. Ал андан жасалма кудай, буркан куйду, ал буркан Миханын үйүнө коюлду.
5
Миханын бутканасы бар эле. Ал эфод жана терафим жасатып, балдарынын бирин өзүнө ыйык кызмат кылуучу кылып алды.
6
Ошол убакта Ысрайылда падыша болгон эмес. Ар ким өзү туура көргөндү кылчу.
7
Ошол учурда ошол жерде бир леби жигит жашачу, ал Жүйүттүн Бейт-Лехеминен эле. Ал Жүйүт уруусунун арасында жашачу.
8
Ал жигит Жүйүттүн Бейт-Лехем шаарынан чыгып, ар кайсы жерде жашап жүрдү. Жер кезип жүрүп, Эпрайым тоосундагы Миханын үйүнө туш болду.
9
Ошондо Миха андан: «Кайдан келе жатасың?» – деп сурады. Ал ага: «Мен лебимин, Жүйүттүн Бейт-Лехеминен келе жатам, жашаганга жер издеп жүрөм», – деди.
10
Миха ага: «Меникинде кал, мага ата жана ыйык кызмат кылуучу бол. Мен сага жылына он күмүш шекел төлөп турам, кийген кийимиң, ичкен тамагың менден болот», – деди.
11
Леби ал кишиникинде калууга макул болду. Ал ага уулдарынын бириндей эле болуп калды.
12
Миха лебини ыйык кызмат кылуучу кылып дайындады. Ал жигит анын ыйык кызмат кылуучусу болуп, анын үйүндө жашап калды.
13
Ошондо Миха: «Эми Теңир мага жакшылык кыларын билем, анткени менин ыйык кызмат кылуучум леби болду», – деди.
← Chapter 16
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 18 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21