bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Judges 21
Judges 21
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 20
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
1
Ысрайылдыктар Миспада: «Эч кимибиз Бенжемин уулдарына кыз бербейбиз», – деп ант беришти.
2
Эл Бейтелге келип, ошол жерде кечке чейин Кудайдын алдында отуруп алып, өкүрүп ыйлады.
3
Алар мындай дешти: «Оо ысрайылдыктардын Кудай-Теңири! Эмне үчүн Ысрайылда ушундай болду? Эми анын бир уруусу жок болду!»
4
Эл эртеси эртең менен эрте туруп, ошол жерге курмандык чалынуучу жай куруп, Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды, тынчтык курмандыктарын чалды.
5
Ысрайыл уулдары: «Теңирдин алдына Ысрайыл урууларынын ичинен ким келбей калды?» – дешти. Анткени «Миспага, Теңирдин алдына келбей калган адам өлүм жазасына тартылат» деген катуу каргыш айтылган эле.
6
Ысрайыл уулдары бир туугандары Бенжемин уулдарына боор ооруп, мындай дешти: «Азыр Ысрайылдын бир уруусу кесилип ташталды.
7
Тирүү калгандарга кайдан аял алып беребиз? Аларга кыз бербейбиз деп, Теңирдин алдында ант бербедик беле?»
8
Алар дагы: «Миспага, Теңирдин алдына Ысрайыл урууларынын ичинен ким келбей калды?» – дешти. Теңирдин алдына, станга Гилаттын Жабешинен эч ким келбептир.
9
Алар келген элди кыдырып көрүшкөндө, Гилаттын Жабешинин тургундарынан эч ким келбептир.
10
Жамаат он эки миң эр жүрөк жигитке мындай буйрук берип жөнөттү: «Баргыла, Гилаттын Жабешинин тургундарын аял дебей, бала дебей, кылычтап кыргыла.
11
Дагы мындай кылгыла: бардык эркектерин, эркек көргөн бардык аялдарын кырып салгыла».
12
Ошондо алар Гилаттын Жабешинин тургундарынын ичинен эркек көрө элек төрт жүз кызды таап, Канаан жериндеги Шило станына алып келишти.
13
Анан бүт жамаат Римон аскасындагы Бенжемин уулдары менен сүйлөшүүгө чабарман жөнөтүп, аларга тынчтык жарыялады.
14
Ошондо Бенжемин уулдары кайрылып келишти. Гилаттын Жабешиндеги өздөрү аман калтырган кыздарды аларга аялдыкка беришти, бирок бул жетишсиз болуп калды.
15
Теңир Ысрайыл урууларына жарака кетиргендиктен, Бенжемин уулдарына элдин боору ооруду.
16
Жамааттын аксакалдары: «Калгандарына аялды кайдан табабыз? Анткени Бенжемин уулдарынын кыз-келиндери түгөл кырылган», – дешти.
17
Алар дагы мындай дешти: «Ысрайылдын бир уруусу жоюлуп кетпеш үчүн, мураска калган жер тирүү калган Бенжемин уулдарына калсын.
18
Бирок кыздарыбызды аларга аялдыкка бере албайбыз, анткени Ысрайыл уулдары: “Бенжемин уулдарына кыз бергендер каргышка калсын!” – деп ант беришкен».
19
Алар дагы: «Бейтелден түндүккө жана Бейтелден Шекемге кетүүчү жолдон чыгышка, Лебондон түштүккө карай кеткен жердеги Шилодо Теңирдин жыл сайын өткөрүлүүчү майрамы болот», – дешти.
20
Анан алар Бенжемин уулдарына мындай деп буйрук кылышты: «Барып, жүзүмзардын арасына жашынып, карап тургула.
21
Шилолук кыздар бийлегени чыгышканда, жүзүмзардан чыга калгыла да, шилолук кыздардан ар кимиң бирден кызды ала качып, аларды Бенжемин жерине алып кеткиле.
22
Алардын аталары же бир туугандары бизге даттанып келишсе: “Алар үчүн бизди кечирип койгула, биз алардын ар бирине согуштан аял ала келген жокпуз, силер да аларга кыздарыңарды берген жоксуңар. Берсеңер, күнөөлүү болуп калмаксыңар”, – деп айтабыз».
23
Бенжемин уулдары так ошондой кылышты, өздөрүнүн санына жараша оюн-шоокко келген кыздардан бирден ала качышты да, өздөрүнүн үлүшүнө тийген жерлерге кайтып кетишти. Шаарларды калыбына келтирип, ошол жерлерде жашап калышты.
24
Ошол эле учурда ысрайылдыктардын ар кимиси өз уруусуна, өз үй-бүлөсүнө, өз энчисине тийген жерлерге тарап кетишти.
25
Ошол убакта Ысрайылда падыша болгон эмес. Ар ким өзү туура көргөндү кылчу.
← Chapter 20
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21