bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Judges 2
Judges 2
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 3 →
1
Теңирдин периштеси Гилгалдан Бохимге келип, мындай деди: «Мен силерди Мисирден алып чыгып, ата-бабаларыңарга берем деп убада кылган жерге алып келип: “Мен силер менен түзгөн келишимимди түбөлүккө бузбайм.
2
Силер болсо бул жердин тургундары менен келишим түзбөгүлө, алардын курмандык чалынуучу жайларын талкалагыла”, – деп айттым эле. Бирок силер Менин үнүмдү укпай койдуңар. Эмне үчүн мындай кылдыңар?
3
Ошондуктан Мен: “Аларды араңардан кууп чыкпайм, алар силер үчүн сыйыртмак болот, алардын кудайлары силер үчүн жайылган тор болот”, – деп айтам».
4
Теңирдин периштеси Ысрайыл уулдарына ушул сөздөрдү айтканда, эл боздоп ыйлап жиберди.
5
Ошондуктан ал жерди Бохим деп аташат. Ал жерде алар Теңирге курмандык чалышты.
6
Жашыя элди коё бергенде, Ысрайыл уулдары өз энчисине тийген жерлерди ээлегени жөнөшкөн.
7
Алар Жашыянын көзү тирүүсүндө, ошондой эле Теңирдин Ысрайыл үчүн кылган улуу иштеринин баарын көргөн, Жашыядан узагыраак жашаган аксакалдардын көзү тирүүсүндө, Теңирге кызмат кылышчу.
8
Бирок Теңирдин кулу Нундун уулу Жашыя жүз он жашка чыгып көз жумуп,
9
аны өз энчисине тийген жерге, Гааш тоосунан түндүктү карай кеткен Эпрайым тоосундагы Тимнат-Хереске коюшкандан кийин,
10
бул эл ата-бабалары жаткан жайга кеткенден кийин, алардын ордуна Кудайды тааныбаган, Анын Ысрайылга кылган иштерин билбеген башка муун келгенден кийин,
11
Ысрайыл эли Теңирдин алдында мыйзамсыз иштерди жасап, Баалга кызмат кыла баштады.
12
Алар Мисир жеринен алып чыккан ата-бабаларынын Кудай-Теңирин таштап, башка кудайларга, алардын айланасында жашаган элдердин кудайларына кайрылып, ошолорго табынып, Теңирди каардантышты.
13
Теңирди таштап, Баал менен Ашейрага кызмат кыла башташты.
14
Теңир Ысрайылга каарданып, аларды талап-тоноочулардын колуна салып берди. Аларды талап-тоношту. Аларды айланасындагы душмандардын колуна салып берди, алар кас душмандарына туруштук бере албай калышты.
15
Алар кайда барбасын, Теңир аларга айткандай, Теңир аларга ант бергендей, Теңирдин колу бардык жерде аларга каршы турду. Алардын абалы өтө оор болду.
16
Ошондо Теңир аларга башкаруучуларды коюп турду. Башкаруучулар аларды талап-тоноочулардан куткарып турушту.
17
Бирок алар башкаруучуларды да укпай, башка кудайларды ээрчип, аларга табынып, Теңирдин осуяттарын аткарган ата-бабаларынын жүргөн жолунан тез эле четтеп кетишти, осуяттарды аткарышкан жок.
18
Теңир аларга башкаруучуларды коюп турган, Теңир Өзү башкаруучу менен болуп, башкаруучунун көзү тирүүсүндө аларды кас душмандарынан куткарып турган, анткени аларды эзип, кысымга алышканда, Теңир алардын зар-муңун угуп аяган.
19
Бирок башкаруучунун көзү өтөрү менен, алар кайра эле башка кудайларды ээрчип, аларга табынып, кызмат кылып, ата-бабаларыныкынан да жаман иштерди кылышкан. Алар өжөрлөнүп, жаман иштерин токтотушкан эмес.
20
Ошондо Теңир Ысрайылга каарданып, мындай деген: «Ата-бабалары менен түзгөн келишимимди бузушканы үчүн, Менин үнүмдү угушпаганы үчүн,
21
Жашыя өлөр алдында калтырып кеткен элдердин бирин да Мен булардын арасынан кууп чыкпайм.
22
Анткени алар аркылуу Ысрайылды ата-бабалары жүргөн Теңирдин жолу менен жүрүшөбү же жүрүшпөйбү деп сынайм».
23
Теңир бул элдерди калтырып койгон, аларды дароо кууп чыккан эмес, Жашыянын колуна салып берген эмес.
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 3 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21