bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Judges 15
Judges 15
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 14
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 16 →
1
Бир нече күндөн кийин, оруу-жыюу убагында, Шимшон бир улак алып, аялын көргөнү келди. «Аялым жаткан бөлмөгө кирейин», – дегенде, аялдын атасы киргизбей койду.
2
Аялынын атасы: «Сени аялыңды жек көрүп калды деп ойлоп, мен аны күйөө жолдошуңа алып берип койдум. Мына, сиңдиси андан сулуу, анын ордуна сиңдисин ал», – деди.
3
Бирок Шимшон аларга: «Эми пелиштиликтерге жамандык кылсам, күнөөлүү болбойм», – деди.
4
Шимшон кетти да, үч жүз түлкү кармап алып, шаманаларды алып, куйрукка куйрукту байлап, ар бир эки куйруктун ортосуна бирден шамана байлап койду.
5
Анан шаманаларды күйгүзүп, түлкүлөрдү пелиштиликтердин эгинине коё берди. Боолонгон чөмөлөлөр да, орула элек эгиндер да, жүзүмзарлар да, зайтун бактар да өрттөнүп кетти.
6
Пелиштиликтер: «Муну ким кылды?» – дешти. «Тимнатанын күйөө баласы Шимшон кылды, анткени анын аялын атасы анын күйөө жолдошуна алып берип койгон», – дешти. Ошондо пелиштиликтер жабыла келип, атасын да, кызын да өрттөп жиберишти.
7
Шимшон аларга: «Ушундай кылганыңарга карабастан, мен силерден өч алам, ошондо гана жаным жай алат», – деди да,
8
алардын тизелери менен жамбаштарын талкалап, жөнөп кетти. Ал Эйтам аскасынын капчыгайына барып жатып алды.
9
Пелиштиликтер келип, стандары менен Жүйүт жерине, Лехинин жанына жайланышышты.
10
Жүйүт жеринин тургундары: «Эмне үчүн бизге келдиңер?» – дешти. Алар: «Биз Шимшонду байлап кетели деп келдик, ал бизге кандай кылса, биз да ага ошондой кылабыз», – дешти.
11
Ошондо жүйүттөрдөн үч миң адам чыгып, Эйтам аскасынын капчыгайына барып, Шимшонго: «Бизге пелиштиликтер үстөмдүк кылып жатышканын сен билбейсиңби? Эмне үчүн мындай кылдың?» – дешти. Шимшон аларга: «Алар мага кандай кылса, мен да аларга ошондой кылдым», – деди.
12
Алар ага: «Биз сени байлап, пелиштиликтердин колуна салып берели деп келдик», – дешти. Шимшон аларга: «Өлтүрбөйбүз деп ант бергиле», – деди.
13
Алар ага: «Жок, өлтүрбөйбүз, биз сени байлап, алардын колуна салып беребиз», – дешти. Аны эки жаңы жип менен байлашты да, капчыгайдан алып чыгышты.
14
Ал Лехиге жакындаганда, пелиштиликтер кыйкырык менен тосуп алышты. Анын үстүнө Теңирдин Руху түштү. Ошондо анын колу байланган жиптер күйгөн зыгырдай болуп, үзүлүп түшүп калды.
15
Ал эшектин астынкы жаак сөөгүн таап алды. Аны менен миң кишини уруп өлтүрдү.
16
«Калың топту, эки топту эшектин жаак сөөгү менен өлтүрдүм, эшектин жаак сөөгү менен миң адамды өлтүрдүм», – деди Шимшон.
17
Ушуну айтып, жаак сөөктү ыргытты да, ал жерди Рамат-Лехи деп атады.
18
Ал аябай суусап, Теңирге жалынып: «Сен кулуңа ушул улуу жеңишти бердиң. Эми каным катып, сүннөткө отургузулбагандардын колуна түшүп өлөмбү?» – деди.
19
Ошондо Теңир Лехиден булак чыгарды. Ал суусунун кандырганда, күч-кубат алып, жанданып калды. Ошондон улам бул жер «Чакыргандын булагы» деп аталып калды, ал Лехиде ушул күнгө чейин бар.
20
Ал пелиштиликтердин убагында Ысрайылга жыйырма жыл башкаруучу болду.
← Chapter 14
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 16 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21