bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Song of Solomon 1
Song of Solomon 1
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 2 →
1
«Ал мени оозу менен өпсүн! Анткени сенин сүйүүң шараптан артык.
2
Сенин жыпар жыттуу майларың кандай сонун жыттанат, сенин атың төгүлгөн миррадай, ошондуктан сени кыздар сүйүшөт».
3
«Мени өзүңө тарт!» «Биз сенин артыңдан чуркайбыз». «Падыша мени өзүнүн ички бөлмөлөрүнө киргизди». «Биз сага суктанабыз, сага кубанабыз. Сенин шараптан артык сүйүүңдү мактайбыз. Сен сүйүүгө татыктуусуң!»
4
«Иерусалим кыздары! Мен кара торумун, бирок Кейдардын чатырындай, Сулаймандын пардасындай сулуумун.
5
Менин кара торулугума карабагыла, анткени мен күнгө күйүп калгамын. Энемдин уулдары мага ачууланып, жүзүмзарларды кайтартып коюшту, ошондуктан өзүмдүн жүзүмзарымды кайтарган жокмун.
6
Айтчы мага, жаным сүйгөн жигитим, койлоруңду кайсы жерге жаясың? Түштө кайда эс аласың? Койлорун кайтарган жолдошторуңдун жанында жүзүн жапкан аял сыяктуу жүрө беремби?»
7
«Аялдардын эң сулуусу, эгерде сен муну билбесең, анда койлордун изи менен бар, улактарыңды койчулардын чатырларынын жанына кайтар.
8
Сүйгөн кызым, мен сени фараондун арабасына чегилген байталга окшоштурам.
9
Таажы алдындагы жүзүң, мончок тагылган мойнуң кандай сонун.
10
Биз сага күмүш менен жээктелген алтын таажы жасап беребиз».
11
«Падыша дасторкон үстүндө отурганда, менин жыпар жыттуу майымдын жыты аңкып турду.
12
Менин сүйгөн жигитим төшүмдө жүргөн бир тутам миррадай.
13
Менин сүйгөн жигитим Эйин-Геди жүзүмзарларындагы кипердин сабагындай».
14
«Оо, кандай сулуусуң, сүйгөн кызым, кандай сулуусуң, сенин көзүң көгүчкөндүн көзүндөй».
15
«Оо, кандай сулуусуң, сүйгөн жигитим, өзүңө тартып турасың! Төшөгүбүз көк шибер,
16
үйүбүздүн чатыры кедр жыгачынан, үйүбүздүн шыбы кипарис тактайынан».
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 2 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8