bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Song of Solomon 5
Song of Solomon 5
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 4
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 6 →
1
«Мен өз багыма келдим, карындашым, колуктум. Өз миррамды жыпар жыттуу чөптөрүм менен кошо чогултуп алдым. Өзүмдүн тартыла элек балым менен кошо балымды жедим, шарабым менен сүтүмдү ичтим». «Жегиле, достор! Ичкиле, тойгула, сүйүктүүлөр!»
2
«Мен уктап жатам, бирок жүрөгүм сергек. Эшикти черткен сүйгөн жигитимдин үнү угулуп жатат: “Эшигиңди ач, карындашым, сүйгөнүм, көгүчкөнүм, таптазам! Анткени менин башымды бүт бойдон шүүдүрүм каптады, түнкү шүүдүрүмдүн тамчыларынан тармал чачым ным болду”.
3
Мен кийимимди чечип салдым, эми аны кайра кантип киейин? Буттарымды жууп алдым, эми аларды кайра кантип булгайын?
4
Сүйгөн жигитим тешиктен колун сунду, аны көрүп, жан дүйнөм толкунданып кетти.
5
Сүйгөн жигитиме эшигимди ачайын деп, мен ордумдан турдум, колдорумдан мирра тамчылап турду. Колдорумдагы мирра кулпуга таамп жатты.
6
Сүйгөн жигитиме эшикти ачтым, бирок сүйгөн жигитим бурулуп кетип калды. Ал сүйлөп жатканда, мен үчүн жашоонун мааниси жоголду. Мен аны издедим, бирок таппай койдум, аны чакырдым, бирок ал жооп берген жок.
7
Шаарды аралап жүргөн сакчылар алдыман чыгып, мени уруп-сабап, жарадар кылышты, дубалды кайтаргандар жамынчымды сыйрып алышты.
8
Иерусалим кыздары, эгерде силер менин сүйгөн жигитиме жолугуп калсаңар, менин сүйүүдөн алсырап бара жатканымды айтабыз деп, мага ант бергиле».
9
«Аялдын сулуусу, сенин сүйгөн жигитиң башкалардын сүйүктүүлөрүнөн эмнеси менен артык? Бизге ушинтип ант бердиргидей, сенин сүйгөн жигитиң башкалардан эмнеси менен артык?»
10
«Менин сүйгөн жигитим ак жуумал, кызыл жүздүү, ал он миң эркектен артык.
11
Башы – таза алтын, чачы тармал, карганын канатындай капкара.
12
Көзү сүткө киринип, ыракаттанып отурган суу боюндагы көгүчкөндөй.
13
Бети – жыпар жыттуу гүлзар, жыпар жыттуу өсүмдүктөрдүн жөөктөрү, эриндери – лилия, суюк мирра таамп турат.
14
Колу – топаз таштары жаткырылган жумуру алтын устун, ал эми ичи – сапфир таштары бастырылган пил сөөгү.
15
Буту – алтын таканычка коюлган мармар мамы. Сырткы көрүнүшү Лебанондой, кедр жыгачындай бийик.
16
Оозу таттуу, анын бүт келбети келишкен, Иерусалим кыздары, менин сүйгөн жигитим мына ушундай, менин досум мына ушундай!»
← Chapter 4
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 6 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8