bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Song of Solomon 8
Song of Solomon 8
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 7
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
1
Оо, сен менин энемдин эмчегин эмген бир тууганым болсоң кана! Көчөдөн жолукканымда, мен сени өпкүлөмөкмүн, бирок мени айыпташмак эмес.
2
Мен сени энемдин үйүнө жетелеп келмекмин. Сен мени окутмаксың, мен болсо сага жыттуу шараптан жана өзүмдүн анар ширемден ичирмекмин.
3
Сүйгөн жигитимдин сол колу башымдын астында болсун, ал эми оң колу мени кучактап жатсын».
4
«Иерусалим кыздары! Өзү кааламайынча, сүйгөн кызымды ойготпогула, тынчын албагыла!»
5
«Өзүнүн сүйгөн жигитине жөлөнүп чөлдөн чыккан бул ким?» «Мен сени алма бактын түбүнөн ойготтум, ошол жерде сени энең төрөгөн, сени төрөгөн аял ошол жерде төрөгөн.
6
Сен мени жүрөгүңө мөөр баскандай басып ал, колуңа шакектей кылып салып ал. Анткени сүйүү өлүмдөй күчтүү, кызганыч өлгөндөр жаткан жайдай коркунучтуу, анын жебеси – оттуу жебе, ал – өтө күчтүү жалын.
7
Сүйүүнү чоң суулар да өчүрө албайт, дарыялар каптай албайт. Адам сүйүү үчүн үйүндөгү бүт байлыгын берсе, ал жек көрүнүү менен четке кагылып калмак».
8
«Биздин бир карындашыбыз бар, ал али жаш, төшү да чыга элек. Карындашыбызга жуучу түшкөндө, биз аны эмне кылабыз?
9
Эгерде ал дубал болсо, анда биз анын үстүнө күмүштөн чатырларды тикмекпиз. Эгерде ал эшик болсо, анда биз аны кедр тактайлары менен каптамакпыз».
10
«Мен дубалмын, төштөрүм мунарадай, ошондуктан мен анын көзүнө бойго жеткен кыздаймын».
11
«Сулаймандын Баал-Амон жеринде жүзүмзары бар эле. Ал бул жүзүмзарын кайтаруучуларга берген эле, ар бир кайтаруучу анын жемиши үчүн миңден күмүш жеткирип турушу керек болчу».
12
«Ал эми жүзүмзарым менин алдымда. Сулайман, миңи – сага, ал эми эки жүзү – анын жемишин кайтаргандарга».
13
«Бактардын арасында жашаган кыз! Достор үнүңдү угуп жатышат, үнүңдү мага да угуз».
14
«Чурка, сүйгөн жигитим! Бальзам тоолорундагы жейрендей же жаш бугудай бол!»
← Chapter 7
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8