bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Song of Solomon 4
Song of Solomon 4
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 3
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 5 →
1
«Оо, кандай сулуусуң, сүйгөн кызым, кандай сулуусуң! Тармал чачыңдын астындагы көзүң көгүчкөндүн көзүндөй. Чачың Гилат тоосунан түшүп келе жаткан эчкилердей.
2
Тиштериң суудан чыгып келе жаткан кыркылган койлордой, алардын ар биринин эгиз козулары бар, алардын арасында кысыр калганы жок.
3
Эрдиң кызыл тасмадай, оозуң татынакай, тармал чачтарыңдын астындагы эки бетиң экиге бөлүнгөн анардай.
4
Мойнуң Дөөттүн курал-жарактар үчүн курулган мунарасындай, ага баатырлардын миңдеген калкандары илинген.
5
Төшүң лилия гүлдөрүнүн арасында оттоп жүргөн эгиз жаш жейрендей.
6
Таң агарып, көлөкөлөр кача баштаганга чейин, мирра тоосуна, фимиам адырына барайын.
7
Бүт турпатың келишкен, сүйгөн кызым, сенде эч кандай кемчилик жок!
8
Колуктум, жүр мени менен, Лебанондон кетели! Жүр, Лебанондон кетели, Амана тоосунан, Сенир менен Хермон тоосунан, арстандардын үңкүрүнөн, илбирстердин тоосунан кеткенге шашыл!
9
Сен менин жүрөгүмдү туткундап алдың, карындашым, колуктум! Сен менин жүрөгүмдү көз карашың менен эле, мойнуңдагы шуруң менен эле туткундап алдың.
10
Оо, сенин сүйүүң теңдешсиз, карындашым, колуктум! Сенин сүйүүң шараптан таттуу, сенин аңкыган жытың бардык жыпар жыттуу заттардан жыттуу!
11
Оо колуктум, оозуңдан тартылбаган бал тамат, тилиңдин асты – бал менен сүт. Кийимиңдин аңкыган жыты Лебанондун аңкыган жытындай!
12
Карындашым, колуктум, кулпуланган баксың, бекитилген кудуксуң, мөөр басылган булаксың.
13
Сенин көчөт отургузулган багың – сонун мөмөлүү анар багы,
14
шиңгил мөмөлүү кипер бадамы, нард, заапаран, айир, дарчин, ар кыл жыпар жыттуу бак-дарактар, мирра, алой, ар кандай, эң сонун жыпар жыттуу өсүмдүктөр өскөн бак.
15
Сен бак ичиндеги булаксың – тирүү суусу бар кудуксуң, Лебанон тоосунан агып түшкөн суусуң.
16
Ойгон, түндүк шамалы, кел, түштүк шамалы! Менин багыма сок, ошондо анын жыпар жыты аңкыйт!» «Сүйгөн жигитим өзүнүн багына келсин, анын ширин мөмөлөрүнөн жесин!»
← Chapter 3
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 5 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8