bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Song of Solomon 7
Song of Solomon 7
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 6
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 8 →
1
«Бери кара, бери кара, Шуламит, бери кара, бери кара, биз сени көрөлү». «Манайимдин ыр-бийлерин көргөнсүп, Шуламитти көрүп эмне кыласыңар?
2
Оо атактуу кыз, сандал кийген буттарың кандай сонун! Бутуңдун сулуулугу чебер устанын колунан чыккан жасалгадай!
3
Киндигиң жыпар жыттуу шарабы түгөнбөгөн тегерек чөйчөктөй. Ичиң лилия гүлдөрү менен жээктелген буудай боосундай.
4
Төшүң эки улактай, эгиз жейрендей.
5
Мойнуң пилдин сөөгүнөн жасалган мамыдай, көздөрүң Бат-Рабимдин дарбазасынын жанындагы Кешпон көлүндөй, мурдуң Дамаскты караган Лебанон мунарасындай.
6
Башың Кармел тоосундай, башыңдагы чачың кочкул кызыл жибектей. Тармал чачың падышаны өзүнө тартып турат.
7
Өзүңдүн сүйкүмдүү келбетиң менен кандай сулуусуң, кандай жагымдуусуң, сүйгөн кызым!
8
Сенин бул келбетиң курма пальмасына, төшүң жүзүм шиңгилине окшош.
9
“Пальмага чыксам, анын бутактарын кармасам”, – деп ойлодум. Төшүң мен үчүн жүзүм шиңгилиндей, таноолоруңдан чыккан жыт алманын жытындай болсун.
10
Оозуң эң сонун шараптай». «Ал түз эле досумдун оозуна агып жатат, чаңкагандарды кандырат.
11
Мен өз досума таандыкмын, анын эңсегени менмин.
12
Кел, сүйгөн жигитим, талаага чыгалы, айыл-кыштактарда түнөйлү.
13
Эртең менен жүзүмзарларга баралы, жүзүм сабактары өсүп чыктыбы, бүчүрлөрү ачылдыбы, анар гүлдөдүбү, көрөлү. Ошол жерде мен сага сүйүүмдү көрсөтөм.
14
Мандрагорлор аңкыган жытын чыгарышты, эшигибиздин алдында ар кандай сонун мөмөлөр, жаңысы да, эскиси да бар. Буларды мен сен үчүн сактадым, сүйгөн жигитим.
← Chapter 6
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 8 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8