bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Song of Solomon 2
Song of Solomon 2
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 3 →
1
«Мен Шарондун нарцисс гүлүмүн, өрөөндүн лилия гүлүмүн.
2
Тикенектин арасында лилия гүлү кандай болсо, кыздардын арасында сүйгөн кызым ошондой».
3
«Токойдогу бак-дарактын арасында алма багы кандай болсо, жигиттердин арасында менин сүйгөн жигитим ошондой. Мен анын көлөкөсүндө отурганды жакшы көрөм, анын мөмөлөрү таңдайымда таттуу.
4
Ал мени той үйүнө алып кирди, анын менин үстүмдөгү туусу – сүйүү.
5
Мени мейиз менен кубаттандыргыла, алма менен сергиткиле, анткени мен сүйүүдөн алсырап баратам.
6
Сүйгөн жигитимдин сол колу менин башымдын астында, ал эми оң колу менен мени кучактайт».
7
«Иерусалим кыздары, мага жейрен менен, элик менен ант бергиле: өзү кааламайынча, сүйгөн кызымды ойготпогула, тынчын албагыла».
8
«Сүйгөн жигитимдин үнү чыгып жатат! Мына, ал келе жатат, тоолор менен чаап, адырлар менен секирип келе жатат.
9
Менин досум жейренге же жаш бугуга окшош. Мына, ал биздин дубалдын ары жагында туруп алып, терезеден карап жатат, терезенин торунан тиктеп жатат!
10
Сүйгөн жигитим мага минтип сүйлөй баштады: “Тур, сүйгөн кызым, сулуум, жүр мени менен!
11
Мына, кыш да өтүп кетти, жаан жаачу учур бүтүп, жаан басылды.
12
Жер бетине гүлдөр чыга баштады, ырдай турган мезгил келди, өлкөбүздө бактек үнү угула баштады.
13
Анжыр багы бүчүр жарды, жүзүм сабактары гүлдөп, жытын аңкытып жатат. Тур, сүйгөн кызым, сулуум, жүр мени менен!
14
Аска-зоонун далдасындагы, аскалардын жаракасындагы көгүчкөнүм! Мага жүзүңдү көрсөт, мага үнүңдү угуз! Анткени үнүң таттуу, жүзүң жагымдуу!”
15
Бизге жүзүмзарларды бүлдүрүп жаткан түлкүлөрдү, бачикилерди кармап бергиле, анткени жүзүмзарларыбыз гүлдөп жатат.
16
Сүйгөн жигитим мага таандык, мен ага таандыкмын, ал лилия гүлдөрүнүн арасында кой кайтарып жүрөт.
17
Таң агарып, көлөкөлөр кача баштаганга чейин кайрылып кел, жейрендей же тоонун жаракасындагы жаш бугудай бол!
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 3 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8