bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
/
Revelation 10
Revelation 10
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
← Chapter 9
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 11 →
1
Анан мен асмандан түшүп келе жаткан дагы бир күчтүү периштени көрдүм. Периште булуттарга оронуп, башынын үстүндө асан-үсөн тартылып турду. Жүзү күндөй жаркырап, буттары оттуу тирөөчтөрдөй эле.
2
Колуна жайылган бир түрмөкчөнү кармап турду. Оң бутун деңизге, сол бутун жерге коюп,
3
арстандай катуу күркүрөдү. Күркүрөгөндө, жети күн күркүрөө өз үндөрү менен сүйлөп жиберишти.
4
Жети күн күркүрөө сүйлөгөндө, мен жазганга камындым. Бирок асмандан: — Жети күн күркүрөөнүн айткандарын жашыр, аларды жазба! — деген үндү уктум.
5
Анан деңиз менен жерде турган, баягы мен көргөн периште оң колун асманга көтөрүп: —
6
null
7
Бүттү, күтүүгө убакыт жок! Жетинчи периште сурнайын тарта турган убак жакындаган күндөрдө Кудай Өз кулдарына, башкача айтканда, пайгамбарларына айтып кеткен Өзүнүн жашырын сырын аткарып, аягына чыгарат, — деп асманды жана асмандагыларды, жерди жана жердегилерди, деңизди жана деңиздегилерди жараткан, түбөлүктөн түбөлүккө жашай берүүчү Кудайдын атын оозанып ант берди.
8
Анан баягы, мага асмандан угулган үн: — Баргын да жер менен деңизде турган периштенин колундагы жайылган түрмөкчөнү алгын! — деп, кайрадан сүйлөдү.
9
Мен барып, периштеден түрмөкчөнү берүүсүн сурадым. Периште: — Ал да жегин, ичиңе киргенде ачуу, бирок оозуңа салганда балдай таттуу болот, — деди.
10
Мен алдым да жедим. Оозума салганымда, ал балдай таттуу, жутканымда ичимде абдан ачуу болду.
11
Анан мага: — Сен көптөгөн элдер, улуттар, падышалар жана ар кандай тилде сүйлөгөндөр жөнүндөгү пайгамбарчылык сөздү кайрадан жарыялоого тийишсиң, — деген сөз айтылды.
← Chapter 9
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 11 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22