bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
/
Revelation 9
Revelation 9
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
← Chapter 8
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 10 →
1
Бешинчи периште сурнайын тартты эле, асмандан жерге кулап түшкөн бир жылдызды көрдүм жана ага түпсүз туңгуюктун ачкычы берилди.
2
Туңгуюк ачылганда, эбегейсиз чоң мештен чыккандай түтүн булап чыкты. Күн менен асман туңгуюктагы түтүндөн караңгылады.
3
Түтүндүн ичинен жер бетине чегирткелер жаады жана аларга жерде жашаган чаяндардыкындай бир күч берилди.
4
Чегирткелерге чекесинде Кудайдын мөөрү жок адамдардан бөлөк эч нерсеге: жер бетиндеги чөп-чарларга, эч кандай өсүмдүк-дарактарга зыян кылбагыла деп айтылды.
5
Алар мөөр басылбагандарды өлтүрүүгө эмес, беш айдай кыйнаганга укук алышты. Бул чегирткелердин чакканынан адамдар чаяндын чакканындай кыйналышат.
6
Ошол күндөрдө адамдар өздөрүнө өлүм издешет, бирок аны эч таба алышпайт. Өлгүлөрү келет, бирок өлүм алардан качат.
7
Чегирткелердин көрүнүшү согушка тапталган аттарга окшош эле. Алар алтын таажыга окшогон бирдемени башына кийип алышыптыр. Беттери адамдардыкына окшош,
8
чачтары аялдардыкындай, тиштери арстандыкындай,
9
төштөрүнө тагынгандары темирден жасалган сооттой экен. Канаттарын какканда, көптөгөн аттар менен майдан арабалар согушка кирип бараткандай добуш чыгып турат экен.
10
Куйруктары, чага турган ийнелери чаяндардыкындай эле. Алар куйруктары менен адамдарды беш айча оорута алышат экен.
11
Туңгуюкка бийлик кылган периште аларды падыша сыяктуу башкарып турду. Анын аты эврейче Абадон, грекче Аполион.
12
Биринчи кайгы өтүп кетти. Мына, анын артынан келе турган дагы эки кайгы бар.
13
Алтынчы периште сурнайын тартканда, Кудайдын алдында турган алтындан жасалган курмандык жайдын төрт бурчунун төрт мүйүзүнөн чыккан үндү уктум.
14
Ал үн колунда сурнайы бар алты периштеге: — Улуу Эфрат дарыясынын боюнда байланган төрт периштени бошот, — деди.
15
Анан так ушул саат, так ушул күн, так ушул жыл үчүн камдалып даяр турган төрт периште адамзаттын үчтөн бир бөлүгүн кыруу үчүн коё берилди.
16
Атчан кошуундун саны эки жүз миллион эле. Мен алардын саны канча экенин уктум.
17
Аянымда көргөн аттар менен чабандестердин көрүнүшү мындай эле. Чабандестердин сооту оттой кызыл, сапфирдей көк жана күкүрттөй сары экен. Аттардын баштары арстандыкына окшош, ооздорунан от, түтүн, күкүрт чыгып турду.
18
Алардын ооздорунан чыккан ушул үч балээден: от, түтүн жана күкүрттөн адамзаттын үчтөн бири набыт болду.
19
Анткени алардын күчү оозу менен куйругунда болчу. Себеби алардын куйруктары жылан сыяктуу болуп, баштары да бар эле. Ошонусу менен алар адамдарга зыян келтирип жатышты.
20
Ушул балээден өлбөй аман калган адамдар кылган жаман иштери үчүн өкүнүп, ниеттерин өзгөртүшкөн жок. Жиндерге кызмат кылганын, алтындан, күмүштөн, жезден, таштан, жыгачтан жасалган, көрө да, уга да, баса да албаган жалган кудайларга табынганын токтотушпады.
21
Ошондой эле киши өлтүргөнүнө, сыйкырчылык, ойноштук жана уурулук кылганына өкүнүп, ниеттерин өзгөрткөн жок.
← Chapter 8
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 10 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22