bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
/
Revelation 20
Revelation 20
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
← Chapter 19
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 21 →
1
Андан соң, түпсүз туңгуюктун ачкычы бар, колуна чоң чынжыр кармаган бир периштенин асмандан түшүп келе жатканын көрдүм.
2
Ал байыркы жылан — ажыдаарды, башкача айтканда, ибилисти, же шайтанды кармады да миң жылга байлап салды.
3
Миң жыл бүткүчө элдерди мындан ары алдаганын токтотуу үчүн аны туңгуюкка таштады да, үстүнөн кулпулап, мөөр басып салды. Андан кийин ал кыска убакытка эркиндикке чыгышы керек.
4
Анан мен тактыларды көрдүм. Аларда Кудай бийлик кылууга укук бергендер олтурушуптур. Ошондой эле Ыйса тууралуу күбөлүккө өтүп, Кудай Сөзү үчүн баштары алынгандардын жандарын көрдүм. Алар жырткычка же анын эстелигине табынбагандар жана анын белгисин чекесине же колуна койдурбагандар болчу. Булар кайрадан өмүр сүрүп, Ыйса менен бирге миң жыл падышалык кылышты.
5
(Калган өлүктөр миң жыл бүткүчө кайра тирилишпеди). Бул биринчи тирилүү.
6
Биринчи тирилүүгө катышкандар бактылуу жана ыйык адамдар. Экинчи өлүм алардын үстүнөн бийлик кыла албайт. Алар Кудайдын жана Машаяктын дин кызматкерлери болуп, Аны менен бирге миң жыл падышачылык кылышат.
7
Миң жыл өткөндө, шайтан өзүнүн түрмөсүнөн бошотулду да,
8
төгөрөктүн төрт бурчунда жашаган улуттар — Гок менен Магокту алдап, согушка чогултуу үчүн жөнөдү. Алардын саны деңиз жээгиндеги кумдай эле.
9
Жерди туурасынан аралап өтүп, Кудайдын сүйүктүү шаарындагы ыйыктардын жамаатын курчап алышты. Бирок көктөн бир от түшүп, аларды жалмады.
10
Анан аларды алдаган ибилис мурда жырткыч менен жалган пайгамбар ыргытылган күйүп жаткан күкүрт көлгө ыргытылды. Эми алар күнү-түнү түбөлүктөн түбөлүккө азап тартышат.
11
Анан мен чоң ак тактыны жана анда олтурган Бирөөнү көрдүм. Асман-жер анын алдынан качып, таптакыр жок болушту.
12
Тактынын алдында атактуусу, карапайымы дебей, бардык өлгөндөрдүн турганын көрдүм. Китептер ачылуу экен. Дагы бир башка китеп да ачылуу турду. Ал өмүр китеби эле. Өлүктөр, китептерде жазылгандай, кылган иштерине жараша соттолушту.
13
Деңиз да, өлүм менен о дүйнө да өздөрүндөгү өлүктөрдү чыгарып беришти. Ошондо баары кылган иштерине жараша соттолушту.
14
Анан өлүм менен о дүйнө от көлүнө ыргытылды. От көлү — бул экинчи өлүм.
15
Ким өмүр китебинде жазылбаса, от көлүнө ыргытылды.
← Chapter 19
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 21 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22