bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
/
Revelation 17
Revelation 17
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
← Chapter 16
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 18 →
1
Жети идиши бар жети периштенин бири мага келип: — Бери кел, көп суулардын үстүндө олтурган уятсыз сойкунун жазасын көрсөтөйүн.
2
Жер бетиндеги падышалар бу сойку менен бузукулукка барышты. Жер үстүндө жашагандар да анын шарабын ичишип, мас болушуп, аны менен бузукулук кылышты.
3
Анан бүт дүйнөмдү Кудайдын Руху бийлеп алды да периште мени ээн талаага алып барды. Талаадан бүткөн боюн Кудайды сөккөн сөздөр баскан, жети баштуу, он мүйүздүү кыпкызыл жырткычты минип олтурган бир аялды көрдүм.
4
Аял кочкул кызыл жана ачык кызыл кийим кийинип, алтын, кымбат баалуу асыл таш, берметтер менен жасалгаланып, жалтылдап турду. Ал бузукулугу менен арамдыгы толгон алтын чөйчөктү колуна кармап алыптыр.
5
Чекесинде болсо: «Улуу Бабыл — жер бетиндеги сойкулар менен арамдыктардын энеси», — деп анын аты жашырын белги менен жазылуу экен.
6
Мен аялдын Ыйса үчүн жанын кыйган ыйыктардын канын ичип алып, мас болуп турганын көрдүм. Көргөнүмдө, абдан таң калдым.
7
Анан периште мага: — Эмнеге таңгалдың? Аял менен ал минген жети баш, он мүйүздүү жырткычтын сырын мен сага ачып берем.
8
Сен көргөн жырткыч бир убакта жашаган, азыр болсо жок. Ал жакында туңгуюктан чыгып келет да, түбөлүк ойрон болор жагына кетет. Дүйнө жаратылгандан бери өмүр китебине аттары жазылбаган жердиктер жырткычты көргөндө, абдан таң калышат, анткени ал бир кезде жашаган, азыр болсо жок, бирок кайра келет.
9
Буларды түшүнүү үчүн акылмандык керек. Жети баш — бул аял олтурган жети дөбө менен жети падыша.
10
Алардын бешөөсү кулады, бирөөсү азыр бар, жетинчиси али келе элек. Бирок келгенде көпкө болбойт.
11
Бир кезде жашаган, азыр жок жырткыч — сегизинчи падыша. Ал жанагы жетөөнүн дагы бири. Ал түбөлүк куурай турган жагына кетет.
12
Сен көргөн он мүйүз он падышаны билдирет, бирок алар али такка отуруша элек. Алар жырткыч менен бирге такка олтурушканда, бир аз эле бийлик кылганга үлгүрүшөт.
13
Алардын мүдөөсү бир болот жана күч-кудурети менен бийлигин жырткычка өткөрүп беришет.
14
Алар Козуга каршы согуш ачышат. Бирок Козу аларды жеңет, анткени Ал эгедерлердин Эгедери, падышалардын Падышасы. Козу менен чогуу Анын тандап, Өзүнө чакырып алган ишенимдүү адамдары да согушат, — деди.
15
Анан периште мага дагы мындай деди: — Сойку олтурган суулар — бул элдер, калктар, улуттар жана ар тилде сүйлөгөндөр.
16
Сен көргөн жырткыч он мүйүзү менен чогуу сойкуну жектешет. Колундагынын баарын тартып алышып, өзүн жылаңач калтырышат. Этин жеп, өзүн отко ыргытышат.
17
Анткени Кудай Өз максатын аткартуу үчүн алардын ниетине бир мүдөөнү салып койгон болчу. Ошондуктан алар бийликтерин жырткычка өткөрүп беришти. Кудайдын сөзү толук аткарылып бүткүчө алар жырткычтын жетегинде болушат.
18
Сен көргөн аял болсо жердеги падышалардын үстүнөн бийлик кылып турган улуу шаар.
← Chapter 16
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 18 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22