bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
/
Revelation 4
Revelation 4
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
← Chapter 3
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 5 →
1
Ушул окуялардан кийин көктө бир эшик ачылып турганын көрдүм. Анан сурнайдын үнү сыяктуу мен алгач уккан үнмага: — Бери чык, бул окуялардан кийин эмнелер болушу керек экенин Мен сага көрсөтөм, — деди.
2
Ошол замат менин бүт дүйнөмдү Рух бийлеп алды. Анан асманда турган бир тактыны жана анда олтурган бирөөнү көрдүм.
3
Тактыда отурган яспис менен карнелийдей жаркырап, үстүнөн зумуруттай болгон бир асан-үсөн жылтылдап, курчап турду.
4
Тактынын айланасында жыйырма төрт такты бар экен. Аларда аппак кийим, баштарына алтын таажы кийип алышкан жыйырма төрт аксакал отурушуптур.
5
Тактыдан чагылгандар чартылдап, күндүн күркүрөгөнү угулуп турду. Тактынын алдында жети шамана жаркырап күйүп турду. (Булар Кудайга кызмат кылган жети рух.)
6
Ошондой эле тактынын алдынан мөлтүр таштай таза, айнектей тунук көлдү көрдүм. Ортодо, тактынын айланасында, аркасы да, алды да жыбыраган көздөргө толгон төрт жаныбар турду.
7
Биринчи жаныбар арстанга, экинчиси өгүзгө окшош, үчүнчүсүнүн бети адамдыкындай, төртүнчүсү болсо учуп бараткан бүркүт сыяктуу экен.
8
Төртөөнүн тең алтыдан канаты болуп, дене бойлору толгон көздөр эле. Алар күнү-түнү тынбастан: — Мурда дагы бар болгон, Азыр дагы бар болуп, Боло турган түбөлүк Кудуреттүү Кудай Эге, Ыйык, ыйык, ыйык Ал, — деп жатышты.
9
Жаныбарлар такта Олтурганга жана түбөлүктөн түбөлүккө Жашоочуга алкыш-даңк айтып, урмат көрсөткөн сайын,
10
жыйырма төрт аксакал ошол такта Олтургандын алдына чөк түшүп, түбөлүктөн түбөлүккө Жашоочуга таазим этип жатышты. Алар таажыларын тактынын алдына коюп:
11
— Кудайыбыз, Эгебиз, Бийлик-күчтү алганга, Атак-даңк жана урмат-сый Көргөнгө Сен татыйсың! Анткени бүт бардыгын Сен жараттың, бардыгы Каалооң менен жашайт да Эркиң менен жаралган, — деп жатышты.
← Chapter 3
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 5 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22