bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
/
Revelation 8
Revelation 8
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
← Chapter 7
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 9 →
1
Козу жетинчи мөөрдү ачканда, асманда жарым сааттай жымжырттык боло түштү
2
да, мен Кудайдын алдында турган жети периштени көрдүм. Аларга жети сурнай берилди.
3
Анан колуна алтын чөйчөк кармаган дагы бир периште келди да курмандык жайдын жанына турду. Чөйчөккө толтуруу үчүн ага абдан көп жыпар жыттуу заттар берилди. Ал муну бардык ыйыктардын сыйынуулары менен кошо тактынын алдындагы алтындан жасалган курмандык жайдын жанына тартуу кылмак.
4
Ыйыктардын сыйынуулары менен бирге жыпар жыттуу заттардын түтүнү периштенин колунан Кудайга көтөрүлдү.
5
Анан периште чөйчөктү алды да, курмандык жайдагы күйүп жаткан чоктон толтура салып туруп, жерге ыргытып жиберди. Ошондо күн күркүрөп, чагылгандар чартылдап, жер титиреди.
6
Анан сурнай кармаган жети периште сурнай тартканга камынышты.
7
Биринчиси сурнайын тартты эле, мөндүр менен от канга жуурулуп жерге жаады. Жердин, дарактардын үчтөн бир бөлүгү күйүп, өсүмдүктөрдүн баары өрттөнүп жок болду.
8
Экинчи периште сурнайын тартканда, күйүп жаткан чоң тоого окшогон нерсе деңизге ыргыды. Ошондо деңиздин үчтөн бири канга айланып,
9
деңиздеги жаныбарлардын үчтөн бири кырылды, кемелердин үчтөн бири талкаланды.
10
Үчүнчү периште сурнайын тартты эле, шаманадай жанган чоң жылдыз асмандан кулады. Ал дарыялардын үчтөн бирин жана булактардын башатын басып калды.
11
Жылдыздын аты «эрмен». Суулардын үчтөн бири ачуу даамданып калды. Көп эл ошол ачуу суудан өлүштү.
12
Төртүнчү периште сурнайын тартканда, үчтөн бир бөлүгү жарык бербей калсын үчүн күндүн, айдын, жылдыздардын үчтөн бир бөлүгүнө сокку урулду. Ошондо күндүзгү убакыттын үчтөн бир бөлүгү жана түнкү убакыттын үчтөн бири жарыксыз калды.
13
Анан асмандын кап ортосун жара учуп бараткан бир бүркүттү көрдүм жана анын добушун уктум. Ал катуу үн менен: — Жакында дагы үч периште башка сурнайларды тартат. Алардын үнүнөн жердегилердин шору, шору, шору куруйт! — деп үн салып баратты.
← Chapter 7
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 9 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22