bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
2 Corinthians 1
2 Corinthians 1
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 2 →
1
Кудайдын каалоосу менен Ыйса Машайактын элчиси болууга чакырылган Пабылдан жана бир тууганыбыз Тиметейден Кудайдын Корунт шаарындагы Жыйынына жана Ахаядагы бардык ыйыктарга салам!
2
Кудай Атабыз жана Теңирибиз Ыйса Машайак силерге ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин.
3
Теңирибиз Ыйса Машайактын Кудайы жана Атасы, боорукердиктин жана сооронуунун булагы болгон Кудай Ата макталсын!
4
Кудай бизди соороткондой эле, ар кандай кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткандарды соорото алышыбыз үчүн, Ал бизди бардык кыйынчылыктарыбызда сооротуп жатат.
5
Машайак жолунда биз азапты канчалык көп тарткан сайын, Машайак аркылуу ошончолук сооронуп жатабыз.
6
Эгерде кайгырып жатсак, силердин сооронушуңар үчүн жана куткарылышыңар үчүн кайгырып жатабыз. Эгерде сооронуп жатсак, силердин сооронушуңар үчүн сооронуп жатабыз. Анткени бул сооронуу биз сыяктуу эле кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жаткан силерге да кыйынчылыктарды чыдамкайлык менен көтөрүүгө жардам берет.
7
Биздин силерден үмүтүбүз чоң, анткени биз сыяктуу эле силер да кыйынчылыктарды башыңардан өткөрүп жатканыңарды, биз сыяктуу эле сооронуп жатканыңарды билебиз.
8
Бир туугандар, Асия жеринде башыбызга түшкөн кыйынчылык жөнүндө билишиңерди каалайм. Өтө оор, адам чыдагыс кыйынчылыкка туш болгон элек, тирүү каларыбызга да үмүттөнбөй калганбыз.
9
Өзүбүздү өлүм жазасына өкүм кылынган адамдардай сезген элек. Бул кыйынчылык өзүбүзгө таянбай, өлгөндөрдү тирилткен Кудайга таянышыбыз үчүн болду.
10
Ал бизди өлүм коркунучунан куткарып алды, куткарып жатат, дагы да куткарат деп, биз Андан үмүттөнөбүз.
11
Силердин да биз үчүн сыйынганыңар боюнча, көптөрдүн арачылык кылып сыйынганы боюнча Кудай бизге ырайым кылгандыгы үчүн, көптөр Кудайга ыраазычылык билдиришет.
12
Дүйнөдө, айрыкча, силердин араңарда биз адамдык акылмандуулук менен эмес, Кудайдын ырайымы, Кудайдан келген ыйыктык, тазалык менен жашаганыбызга абийирибиз күбө. Бул биздин мактанычыбыз.
13
Биздин силерге жазганыбыз силер окуп түшүнө албагыдай нерсе эмес, бизди толук түшүнөсүңөр деп үмүттөнөм.
14
Теңирибиз Ыйса Машайак келген күнү биз силердин мактанычыңар болорубузду, силер биздин мактанычыбыз болоруңарды силер азыр кандайдыр бир деңгээлде түшүнүп калдыңар.
15
Буга мен бекем ишенгендиктен, эки ирет батага ээ болушуңар үчүн,
16
Македонияга бара жатып да, ал жактан келе жатып да силерге тие кетейин деп ойлогом. Силер мени Жүйүт аймагына узатып коймоксуңар.
17
Ушундай максатты алдыма койгонум жеңил ойлуулукпу? Же эмне, мен адамдык акыл менен чечим чыгарып, бир туруп «ооба», бир туруп «жок» деп жатыптырмынбы?
18
Кудай ишенимдүү, биз силерге бир туруп «ооба», бир туруп «жок» дечү эмеспиз.
19
Мен, Сылас жана Тиметей аркылуу араңарда жарыяланган Кудай Уулу Ыйса Машайак бир туруп «ооба», бир туруп «жок» болгон эмес, Анда «ооба» гана болгон.
20
Кудайдын бардык убадалары Машайак аркылуу «ооба». Ошол себептүү Кудай даңкталыш үчүн Машайак аркылуу Кудайга «Оомийин» дейбиз.
21
Машайак аркылуу силерди да, бизди да бекемдеген жана бизди майлаган – Кудай.
22
Мөөрүн басып, жүрөгүбүзгө Рухту аманат кылып салып берген да – Ал.
23
Кудайды күбөгө тартам, Корунтка кайра келбегенимдин себеби: силерди аядым.
24
Биз силердин ишенимиңердин үстүнөн бийлик кылып жаткан жокпуз, тескерисинче, силердин кубанышыңарга өбөлгө түзүп жатабыз, анткени силердин ишенимиңер бекем.
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 2 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13