bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
2 Corinthians 9
2 Corinthians 9
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 8
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 10 →
1
Ыйыктарга жардам берүү тууралуу силерге жазганым ашыкча эле болот деп ойлойм.
2
Анткени мен силердин жардам берүүгө даяр экениңерди билем. «Ахаядагылар өткөн жылдан бери эле даяр», – деп, македониялыктарга ошон үчүн мактанып жүргөм. Силердин аракетиңер көптөргө дем берди.
3
Силерди мактап жүргөнүм куру сөз болуп калбаш үчүн, мен айткандай даяр турушуңар үчүн, бир туугандарды жибердим.
4
Мени менен бирге барган македониялыктар силердин даяр эмес экениңерди көрсө, силер эмес, силерди бекем ишеним менен мактап жүргөн биз уятка калабыз.
5
Ошондуктан мен бир туугандардан силерге бизден мурун барууларын суранууну туура таптым. Алар өзүңөр убадалаган тартууларыңарды оор салык катары эмес, тартуу катары алдын ала даярдоонун камын көрүшөт.
6
Айтарым бул: «Аз эккен аз жыйнайт, мол эккен мол жыйнайт».
7
Кыйналып же аргасыз болуп эмес, ар кимиң жүрөгүңдөн чыкканды бер. Анткени Кудай чын көңүлү менен берген адамды сүйөт.
8
Ар дайым бардык нерсеңер жетиштүү болуп, жакшы иштерге бай болушуңар үчүн, силерди ар кандай жакшы нерселерге байытууга Кудайдын кудурети жетет.
9
Ыйык Жазууда: «Жакырларга марттык менен таратып берди. Анын адилеттиги түбөлүк болот», – деп жазылган.
10
Урөн себүүчүгө үрөн, жегенге нан берген Кудай сепкен үрөнүңөрдүн түшүмүн да мол кылып, адилеттигиңердин жемишин арттырат.
11
Бардык нерсеге бай, жоомарт болушуңар үчүн ошондой кылат. Ошентип, силердин жоомарттыгыңар бизде Кудайга болгон ыраазычылыкты жаратат.
12
Анткени бул кызмат ыйыктардын кем-карчын толуктоо менен гана чектелбестен, көп адамдарда Кудайга болгон чексиз ыраазычылыкты жаратат.
13
Анткени бул кызматтын натыйжасын көргөндө, өзүңөр кабыл алган Машайактын Жакшы Кабарына моюн сунуп, алар менен жана башкалар менен чын ниеттен мамилелешип жаткандыгыңар үчүн, алар Кудайды даңктап жатышат.
14
Силерде Кудайдын ырайымы мол болгондуктан, силерди жакын санап, силер үчүн сыйынып жатышат.
15
Сөз менен айтып жеткире алгыс улуу белеги үчүн Кудайга даңк!
← Chapter 8
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 10 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13