bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
2 Corinthians 10
2 Corinthians 10
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 9
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 11 →
1
Араңарда жүргөндө момун, алыста жүргөнүмдө кайраттуу деп эсептелинген мен, Пабыл, Машайактын момундугу жана ырайымдуулугу менен силерден өтүнөм.
2
Силерге эскерте кетейин: мен келгенде, бизди адамдык кылып жатат деп эсептеген адамдарга каршы көрсөтөйүн деп жүргөн кайраттуулугумду силерге каршы көрсөтпөгүдөй болоюн.
3
Бул дүйнөдө жашап жатканыбыз менен, адамдык кылып күрөшпөйбүз.
4
Анткени күрөшө турган куралдарыбыз адамдык куралдар эмес, алар – чептерди талкалаган Кудайдын күчүнө ээ куралдар.
5
Алар менен биз Кудайды таанып билүүгө каршы турган ар кандай ойлорду, менменсинүүчүлүктү талкалайбыз жана ар кандай ой жүгүртүүлөрдү Машайакка тил алдыруу үчүн туткундайбыз.
6
Силер тил алгандан кийин, биз тил албагандарды жазалоого даярбыз.
7
Көз алдыңардагыны карагылачы! Ким өзүнүн Машайакка таандык экенине бекем ишенсе, ал ойлонуп көрсүн. Анткени ал Машайакка таандык болгондой эле, биз да Машайакка таандыкпыз.
8
Теңирдин бизге силерди зыянга учуратуу үчүн эмес, бекемдөө үчүн берген бийлиги менен ашыра мактанып койсом, уят болбойм деп ойлойм.
9
Бирок мен силерди каттарым менен коркутуп жаткандай болбоюн.
10
Анткени кээ бирөөлөр мени: «Каттарында курч жана кайраттуу болгону менен, бетме-бет келгенде, алсыз, сөзү өтүмсүз», – дешет экен.
11
Ушинтип айтып жүргөндөр билип коюшсун: көзүбүз жокто, катыбызда кандай болсок, бетме-бет келгенде деле ошондойбуз.
12
Өзүн өзү мактагандарга теңелүүгө, өзүбүздү аларга салыштырууга батынбайбыз. Өздөрүнө өздөрү баа берип, өздөрүн өздөрүнө салыштырышканы – акылсыздык.
13
Биз ашыкча мактанбайбыз, Кудай белгилеген чекте мактанабыз. Бул чек силерди да камтыйт.
14
Силерге жете элек болгонсуп күч жумшабайбыз. Анткени биз Машайактын Жакшы Кабары менен силерге да жеткенбиз.
15
Биз ашыкча мактанбайбыз, башка бирөөлөрдүн эмгеги менен да мактанбайбыз. Тескерисинче, ишенимиңер өскөн сайын, силердин араңардагы иш-аракетибиз да көбөйөт деп үмүттөнөбүз.
16
Жакшы Кабарды силерден нары жашагандарга да таратабыз, биз башка бирөөнүн даяр эмгеги менен мактанбайбыз.
17
Мактанган адам Теңир менен мактансын.
18
Мактоого өзүн өзү мактаган адам эмес, Теңир мактаган адам татыктуу.
← Chapter 9
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 11 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13