bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
2 Corinthians 3
2 Corinthians 3
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 4 →
1
Чыны менен эле, биз өзүбүздү силерге кайрадан тааныштырышыбыз керекпи? Чыны менен эле, биз кээ бирөөлөр сыяктуу силерге мактоо катын жазганга же силерден ошондой кат алганга муктажбызбы?
2
Жүрөгүбүзгө жазылган, бардык адамдар таанышып да, окуп да жаткан биздин катыбыз силерсиңер.
3
Силер биздин кызматыбыз аркылуу сыя менен эмес, тирүү Кудайдын Руху менен, таш лоокторго эмес, жүрөктүн эт лоокторуна жазылган Машайактын каты экендигиңерди өзүңөр эле көрсөтүп жатасыңар.
4
Биз Кудайдын алдында Машайак аркылуу ушундай ишенимге ээ болдук.
5
Биз өзүбүз бир нерсе жөнүндө ойлонууга жөндөмдүү эмеспиз, биздин жөндөмдүүлүгүбүз Кудайдан.
6
Ал бизге Жаңы Келишимдин кызматчылары болууга жөндөмдүүлүк берди. Бул кызмат болсо – мыйзам тамгасына эмес, Рухка негизделген кызмат. Анткени мыйзам тамгасы өлтүрөт, ал эми Рух өмүр берет.
7
Мусанын жүзүнөн өчө турган нур чачырап тургандыктан, Ысрайыл уулдары анын жүзүн карай алышкан эмес. Ташка чегилип жазылган, өлүм алып келүүчү мыйзам тамгасынын кызматы ушундай даңктуу болсо,
8
Рухтун кызматы андан бетер даңктуу.
9
Адамды айыптоо кызматы даңктуу болсо, адамды актоо кызматы андан бетер даңктуу.
10
Азыр даңкталып жаткан кызмат менен салыштырганда, мурун даңкталган кызмат даңктуу болбой калат.
11
Анткени өтүп кетчү кызмат даңктуу болгон болсо, азыркы кызмат андан бетер даңктуу.
12
Ушундай үмүтүбүз бар болгондуктан, кайраттуулук менен кызмат кылып жатабыз.
13
Жүзүндөгү нурдун өчүп бара жатканын Ысрайыл уулдары көрбөсүн деп, жүзүнө жабуу жаап алган Мусадай эмеспиз.
14
Бирок Ысрайыл уулдарынын акылы караңгыланып калган. Анткени Байыркы Келишимди окуп жаткан алардан ошол жабуу ушул күнгө чейин алынбай турат. Ал жабууну Машайак гана алып сала алат.
15
Муса пайгамбардын китептерин окуп жатышкан алардын жүрөктөрүндө ушул күнгө чейин жабуу бар.
16
Бирок Теңирге кайрылышканда, ал жабуу алынат.
17
Теңир – Рух, Теңирдин Руху болгон жерде – эркиндик.
18
Биз баарыбыз жабуусуз жүзүбүз менен Теңирдин даңкын чагылдырып турабыз. Биз Ага окшошкон сайын, бир даңктан бир даңкка өтүп, өзгөрүлүп жатабыз. Бул Теңирдин Руху аркылуу болуп жатат.
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 4 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13