bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
2 Corinthians 7
2 Corinthians 7
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 6
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 8 →
1
Сүйүктүү бир туугандарым, Кудай бизге ушундай убадаларды бергендиктен, денебизди жана рухубузду булгаган ар кандай ыпыластыктан арылалы, Кудайдан коркуу менен, ыйыктыкка умтулалы.
2
Бизге жүрөгүңөрдөн орун бергиле: биз эч кимди таарынткан жокпуз, эч кимге зыян келтирген жокпуз, эч кимди пайдаланган жокпуз.
3
Муну силерди айыпташ үчүн айтып жаткан жокмун. Мурун айтып кеткенимдей, силер биздин жүрөгүбүздөсүңөр, өлсөк да, жашасак да силер менен биргебиз.
4
Силерге болгон ишенимим чоң, силер менен өзгөчө сыймыктанам. Бардык кайгы-капабызга карабай, толугу менен сооронуп, аябай кубанып жатам.
5
Себеби Македонияга келгенибизде, жаныбыз тынчтык тапкан жок, ар тарабыбыздан кысымга алындык: сырттан – кол салуу, ичтен – коркунуч.
6
Бирок көңүлү чөккөндөрдү соороткон Кудай бизди Титтин келиши менен сооротту.
7
Титтин келиши гана эмес, анын силер аркылуу сооронгондугу да бизди сооротту. Мага болгон камкордугуңар, сагынычыңар, мен үчүн төккөн көз жашыңар жөнүндө Титтен укканымда, ого бетер кубандым.
8
Ошондуктан жазган катым менен силерди капалантканыма өкүнбөйм. Катымдын силерди капалантканын көрүп, өкүнгөн элем, бирок силер убактылуу эле капаландыңар.
9
Азыр болсо кубанып турам. Албетте, кайгырганыңар үчүн эмес, күнөөңөрдү сезип өкүнүп, кайгырганыңар үчүн кубанып жатам. Анткени силер Кудайга жаккандай кайгырдыңар, демек, биз силерге эч кандай зыян келтирген жокпуз.
10
Себеби Кудайга жаккан кайгы тобо кылып куткарылууга алып келет, ал эми бул дүйнөнүкүндөй кайгы өлүмгө дуушар кылат.
11
Себеби Кудайга жаккан кайгы силерде кандай тырышчаактыкты, кечирим суроону, күнөө кылган адамга нааразыланууну, коркунучту, каалоону, кызганчаактыкты, жазаны жаратканын карагылачы. Бул иште таза экениңерди бардык жагынан көрсөттүңөр.
12
Мен бул катты таарынткан адам үчүн да, таарынган адам үчүн да жазган жокмун. Болгону, биз жөнүндө кандай кам көрөрүңөр Кудай алдында өзүңөргө белгилүү болушун гана кааладым.
13
Анткени биз силердин сооронууңар аркылуу сооронуп калдык. Буга кошумча Титтин кубанычы бизди ого бетер кубантты, баарың анын рухун тынчтандырыптырсыңар.
14
Мен силерди ага мактап, уятка калган жокмун. Силерге айткандарыбыздын баары чындык болгондой эле, Титке силерди мактаганыбыз да туура болуп чыкты.
15
Баарыңардын тил алчаактыгыңарды, өзүн коркунуч менен кандай ызааттап кабыл алганыңарды эстеген сайын, анын жүрөгү жылыйт.
16
Ошентип, бардык нерседе силерге таяна ала тургандыгыма кубанам.
← Chapter 6
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 8 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13