bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
2 Corinthians 11
2 Corinthians 11
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 10
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 12 →
1
Менин акылсыздыгыма бир аз чыдап койсоңор боло! Бирок силер мага чыдап жатасыңар.
2
Мен силерди Кудайдын кызганычы менен кызганып жатам, анткени силерди бир Күйөөгө – Машайакка никелеп койгом. Анын алдына таза бойдон барышыңарды каалагандыктан кызганып жатам.
3
Обо энени жылан өзүнүн куулугу менен алдап кеткендей эле, силерди да кимдир бирөө Машайак жолундагы жөнөкөйлүктөн жана тазалыктан четтетип, акылыңарды адаштырбаса экен деп корком.
4
Анткени бирөө келип, силерге биз жарыялагандан башка Ыйсаны, силер алгандан башка рухту, силер кабыл алгандан башка Жакшы Кабарды жарыяласа, силер ага чыдайсыңар.
5
«Мыкты элчилерден» менин эч жерим кем эмес деп ойлойм.
6
Сөзгө чечен болбосом да, билимим бар. Дегинкиси, биз силерге бардык жагынан белгилүүбүз.
7
Силерди жогорулатуу үчүн, өзүмдү басынтып, Кудайдын Жакшы Кабарын силерге акысыз тараткандыгым үчүн күнөөлүүмүнбү?
8
Силерге кызмат кылыш үчүн, башка Жыйындарды чыгымга учураттым, алар мени каржылап турушту. Араңарда жүргөндө муктаж болгонума карабастан, бирөөңөргө да оорчулук келтирген жокмун.
9
Анткени менин кем-карчымды Македониядан келген бир туугандар толукташты. Силерге эч бир нерседе оорчулук келтирбегенге аракеттендим, дагы да аракеттенем.
10
Машайактын мендеги чындыгы менен айтайын, Ахая жеринде бул мактоону менден эч ким тартып ала албайт.
11
Эмне үчүн минтип жатам? Силерди сүйбөгөндүгүм үчүнбү? Силерди сүйөрүм Кудайга белгилүү!
12
Бирок мактанган нерселери менен бизге окшошуш үчүн шылтоо издеп жүргөндөргө түрткү бербөө үчүн, мен кандай кылып жатсам, ошондой кыла берем.
13
Анткени алар – жалган элчилер, алдамчы кызматчылар, өздөрүн Машайактын элчилери кылып көрсөтүшөт.
14
Бул таң каларлык нерсе эмес, анткени шайтан да өзүн Жарыктын Периштеси кылып көрсөтөт.
15
Ошондуктан шайтандын кызматчылары да өздөрүн чындыктын кызматчылары кылып көрсөтүшсө, бул таң каларлык эмес. Бирок алар акырында иштерине жараша тиешесин алышат.
16
Дагы да кайталайм: эч ким мени акылсыз деп эсептебесин. Эгерде ошондой эсептеп жатсаңар, анда мени акылсыз катары кабыл алгыла, мен да бир аз мактангыдай болоюн.
17
Айтып жатканым Теңирден эмес, «акылсыз» болгондугумдан улам мактоого татыктуумун деген бекем ишеним менен айтып жатам.
18
Көптөр адамдык кылып мактанып жатышат, ошондуктан мен да мактанып коёюн.
19
Анткени, силер, акылдуулар, акылсыздарга жан-дилиңер менен чыдайт эмессиңерби.
20
Силерди кул кылып жаткандарга да, силердикин жеп түгөтүп жаткандарга да, силердикин тартып алып жаткандарга да, силерге менменсинип жаткандарга да, силерди жаакка чаап жаткандарга да чыдайсыңар.
21
Уялсам да, айтышым керек, мындай иштерге биздин күчүбүз жеткен жок. Эгерде кимдир бирөө бир нерсе менен мактанууга батынса, акылсыз адамдай айтайын, анда мен да мактанууга батынам.
22
Алар эврейби? Мен да эвреймин. Алар ысрайылдыктарбы? Мен да ысрайылдыкмын. Алар Ыбрайымдын урпактарыбы? Мен да урпагымын.
23
Алар Машайактын кызматчыларыбы? Акылсыз адамдай айтайын, мен кызматчыдан да жогорумун. Мен аларга караганда көп эмгектендим, көп жолу жарадар болдум, түрмөгө көп түштүм, көп жолу өлүмдөн калдым.
24
Жүйүттөрдөн беш жолу отуз тогуздан камчы жедим.
25
Үч жолу таяк менен сабашты, бир жолу таш бараңга алышты, үч жолу кеме кырсыгына учурадым, бир күн, бир түн деңизде калдым.
26
Көп жолу сапарга чыгып, дарыялардын үстүндө, шаарда, чөлдө, деңиз үстүндө коркунучка дуушар болдум; каракчылар, уруулаштарым, бутпарастар, жалган бир туугандар коркунуч туудурушту.
27
Эмгектендим, кыйналдым, көп жолу уйкудан калдым, ачка калдым, суусадым, көп жолу орозо кармадым, суукка калдым, кийимсиз калдым.
28
Мындан тышкары мага адамдар күн сайын агылып келип турушат, бардык Жыйындар үчүн кам көрөм.
29
Бирөө алсыз болсо, мен да өзүмдү алсыз сезбейминби? Бирөө азгырылса, ал үчүн күйүп-бышпаймынбы?
30
Эгерде мактанышым керек болсо, мен алсыздыгым менен мактанам.
31
Теңирибиз Ыйса Машайактын түбөлүккө даңктуу Кудайы жана Атасы менин жалган айтып жатпаганымды билет.
32
Падыша Аретанын кол астындагы дубан башчысы мени колго түшүрүш үчүн, Дамаск шаарын кароолго алган эле. Бирок мени чабырага салып, шаар дубалынын терезесинен түшүрүп коюшту. Ошентип, мен анын колунан качып кутулдум.
← Chapter 10
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 12 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13