bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
2 Corinthians 2
2 Corinthians 2
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 3 →
1
Ошондуктан мен дагы барып силерди капалантпаш үчүн, келбей эле коёюн деп чечтим.
2
Эгерде мен силерди капа кылган болсом, капа болуп калган силерден башка мени ким кубантат?
3
Барганымда, мени кубантчу адамдар мени капалантышпагандай болсун деп, буларды жаздым. Менин кубанычым жалпыңардын кубанычыңар болот деп, бекем ишенем.
4
Силерди капа кылыш үчүн эмес, менин силерге болгон терең сүйүүмдү сезишиңер үчүн, кайгыга батып, жүрөгүм сыздап, көз жашымды төгүп жаздым.
5
Эгерде кимдир бирөө мени капа кылса, мени эмес, кандайдыр бир деңгээлде (ашыра айтпайын) баарыңарды капа кылды.
6
Мындай адамга көпчүлүктүн бул жазасы жетиштүү.
7
Кайгыга чөгүп мүңкүрөп калбашы үчүн, ал адамды кечирип, сооротконуңар жакшы.
8
Ошондуктан ага сүйүү менен мамиле кылууңарды суранам.
9
Мен муну силерге бардык учурда эле тил алар-албасыңарды иш жүзүндө көрүш үчүн жаздым.
10
Кимди кечирсеңер, мен да аны кечирем. Эгерде мен бирөөнү кечирсем, силер үчүн Машайактын атынан кечирдим.
11
Шайтан бизге зыян келтирбеши үчүн кечирдим. Анткени анын арам ойлору бизге белгилүү.
12
Машайактын Жакшы Кабарын таратыш үчүн, Троаска келгенимде, Теңир аркылуу бул жерде Жакшы Кабар таратуу үчүн, эшик ачык болгонуна карабастан, рухум тынчтана албады.
13
Анткени мен бир тууганым Титти ал жерден таппай койдум. Алар менен коштошуп, Македонияга жөнөп кеттим.
14
Машайак аркылуу бизге ар дайым жеңиш берген жана Өзүн таанып билүүнүн жагымдуу жытын ар кайсы жерде биз аркылуу таратып жаткан Кудайга ыраазыбыз!
15
Анткени Кудай үчүн биз куткарыла тургандардын арасында да, өлүмгө бара жаткандардын арасында да Машайактын жагымдуу жытыбыз.
16
Бирөөлөр үчүн өлүм алып келген өлүм жыты болсок, башка бирөөлөр үчүн өмүр алып келген өмүр жытыбыз. Андай болсо бул ишке ким жөндөмдүү?
17
Биз көптөргө окшоп Кудайдын Сөзүн бурмалабайбыз. Кудай Сөзүн Кудайдан келген Сөз катары, Кудай алдында, Машайак менен тыгыз байланышта болуп, чын жүрөктөн айтабыз.
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 3 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13