bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Ecclesiastes 1
Ecclesiastes 1
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 2 →
1
Иерусалимдеги падыша Дөөттүн уулу, Насаатчынын сөздөрү.
2
«Түйшүктүн түйшүгү, – деди Насаатчы, – түйшүктүн түйшүгү – бардыгы түйшүк!
3
Адамга өзүнүн күн астында мээнеттенген эмгегинен эмне пайда?
4
Бир муун өтөт, бир муун келет, жер болсо кылымдан кылымга тура берет.
5
Күн чыгат, күн кайра батат, ал өзүнүн ордуна, чыккан жерине шашат.
6
Шамал түштүккө согот, андан түндүккө өтөт, ал өз жолу менен тегеренип жүрүп, чыккан жерине кайтат.
7
Дарыялардын баары деңизге барып куят, бирок деңиз ашып-ташып кетпейт, кайра агыш үчүн, дарыялар өздөрүнүн чыккан жерине кайтышат.
8
Бардыгы эмгектенүүдө. Эч ким аны сөз менен айтып жеткире албайт. Көз көргөнүнө тойбойт, кулак укканына тойбойт.
9
Мурун эмне болсо, азыр да ошол боло берет, мурун эмне жасалса, азыр да ошол жасала берет, демек, күн астында жаңы эч нерсе жок.
10
Адамдар: “Карасаң, бул – жаңы нерсе”, – деп айта турган бир нерсе болушу мүмкүн, бирок ал бизден мурун, өткөн кылымдарда эле болгон.
11
Мурун болгон нерселер эстелбейт, ошондой эле боло турган нерселер кийинкилердин эсинде калбайт.
12
Мен, Насаатчы, Иерусалимде Ысрайылдын падышасы болгом.
13
Мен асман астында эмне болуп жатса, ошонун баарын акыл менен сынаганга, изилдегенге көңүл койдум: бул татаал ишти Кудай адам баласына машыгып турсун деп берген.
14
Мен күн астында жасалып жаткан иштердин баарын көрдүм, анын бардыгы – курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу!
15
Ийри түзөлбөйт, жок нерсени бар деп эсептөөгө болбойт.
16
Мен өзүмө өзүм мындай дедим: “Мына, мен Иерусалимге менден мурун бийлик кылгандарга караганда көбүрөөк акылмандуулукка ээ болдум. Менин жүрөгүм көп акылмандыкты жана көп билимди көрдү”.
17
Мен акылмандыкты таанып билүүгө, акылсыздык менен түркөйлүктү таанып билүүгө көңүл койдум. Бул да рухтун кыйналуусу экенин билдим.
18
Анткени акылмандуулук канчалык көп болсо, кайгы ошончолук көп, билимин арттырган адам кайгысын арттырат.
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 2 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12