bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Ecclesiastes 10
Ecclesiastes 10
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 9
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 11 →
1
Өлгөн чымындар жыпар жыттуу майдын жытын бузат, кадыр-барктуу адамдын кичине акылсыздыгы да анын акылмандуулугу менен кадыр-баркына шек келтирет.
2
Акылдуу адамдын жүрөгү оңго, акылсыздын жүрөгү солго жетелейт.
3
Акылсыз кайсы жол менен бара жатса да, ага акыл жетишпейт, ал өзүнүн акылсыз экенин ар кимге эле айта берет.
4
Эгер башкаруучуң сага каарданса, ордуңду таштап кетпе, анткени сабырдуулук чоң кылмыштарды да жаап коёт.
5
Мен күн астынан дагы бир жамандыкты көрдүм, ал – өкүмдардан кеткен жаңылыштык:
6
акылсыздарды өтө бийик орунга отургузушат, ал эми байлар төмөнкү орунда отурушат.
7
Мен ат үстүндө жүргөн кулдарды, ал эми төрөлөрдүн кулдарга окшоп жөө жүргөнүн көрдүм.
8
Ор казган адам казган оруна өзү түшөт. Дубалды ураткан адамды жылан чагат.
9
Ташты ордунан жылдырган адам бир жерин мертинтип алышы мүмкүн. Отун жарган адам бир жерин кокустатып алышы мүмкүн.
10
Эгерде балта мокоп калса, анын мизи курчутулбаса, анда күчкө салууга туура келет, бирок акылмандык муну оңдой алат.
11
Эгерде жылан дарымдаганга чейин чагып алса, анда дарымдоочудан эч кандай пайда жок.
12
Акылдуу адамдын оозунан чыккан сөз – ырайым, ал эми акылсыздын оозунан чыккан сөз өзүн өлтүрөт.
13
Анын оозунан чыккан сөздүн башы – акылсыздык, анын оозунан чыккан сөздүн аягы – акылдан адашкандык.
14
Адам алдыда эмне болорун билбегенине карабастан, акылсыз адам оозуна келгенди сүйлөй берет. Өзүнөн кийин эмне болорун ага ким айтып берет?
15
Эмгек акылсызды алсыратат, анткени ал шаарга бара турган жолду да билбейт.
16
Өлкө, падышаң жаш бала болсо, сага кайгы! Төрөлөрүң таң атпай тамак иче баштаса, сага кайгы!
17
Өлкө, падышаң тектүү тукумдан болсо, сага жакшы! Төрөлөрүң тамакты ашыра тоюш үчүн эмес, кубаттаныш үчүн өз убагында жесе, сага жакшы!
18
Жалкоолуктан шып салаңдап калат, шалдайып отура берсе, үйдүн чатырынан суу өтөт.
19
Тойду ыракаттаныш үчүн өткөрүшөт, шарап жашоону шаттандырат. Бирок бардыгын күмүш чечет.
20
Падышаны оюңда да жамандаба, байды уктоочу бөлмөңдө да жамандаба, анткени асман куштары сөзүңдү жеткирип барышы мүмкүн, канаттуу куштар сүйлөгөн сөзүңдү айтып барышы мүмкүн.
← Chapter 9
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 11 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12