bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Ecclesiastes 4
Ecclesiastes 4
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 3
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 5 →
1
Анан мен күн астында болуп жаткан ар кандай эзүүнү көрдүм: мына, эзилгендердин көз жашы агып жатат, бирок алардын сооротуучусу жок. Аларды эзип жаткандардын колунда – күч, ал эми алардын сооротуучусу жок.
2
Ошондо мен ушул күнгө чейин жашап жаткан тирүүлөргө караганда небак өлгөндөр бактылуу деп эсептедим.
3
Ал эми бул экөөнө караганда төрөлбөгөндөр – күн астында болуп жаткан кыянат иштерди көрбөгөндөр бактылуу.
4
Мен ар бир эмгек, ар бир иштин ийгилиги адамдар арасында өз ара көрө албастыкты туудуруп жатканын көрдүм. Бул да курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу экен!
5
Акылсыз адам колун куушуруп отура берип, өз денесин жейт.
6
Мээнет жана рухтун кыйналуусу менен табылган кош уучка караганда тынчтык менен табылган бир ууч артык.
7
Анан мен күн астындагы дагы бир курулай убаракерчиликти көрдүм:
8
жалгыз адам, анын эч кимиси жок, баласы да, бир тууганы да жок, бирок иши бүтпөйт, көзү да байлыкка тойбойт. “Деги мен ким үчүн эмгектенип, жанымды жыргалдан ажыратып жатам?” Бул да курулай убаракерчилик жана жакшы иш эмес экен!
9
Жалгыз болгонго караганда, экөө болгон жакшы, анткени алар өздөрүнүн эмгеги үчүн жакшы сыйлык алышат.
10
Анткени бирөө жыгылса, экинчиси тургузат. Бирок жыгылса тургузары жок жалгыз адамга кайгы.
11
Эгерде экөө чогуу жатса, аларга жылуу болот. Ал эми жалгыз адам кантип жылыйт?
12
Эгерде кимдир бирөө жалгыз адамды жеңе ала турган болсо, анда экөө ага каршы тура алат. Үч катталган жип да оңой менен үзүлбөйт.
13
Кары, бирок кеңешти кабыл алганды билбеген акылсыз падышага караганда жарды, бирок акылдуу жаш улан артык.
14
Ал өз өлкөсүндө жарды болуп төрөлсө да, зындандан падышачылык кылганы чыгат.
15
Мен күн астында жүргөн адамдардын баары анын ордун ээлей турган башка улан менен бирге жүргөнүн көрдүм.
16
Анын алдында турган элге сан жетпейт, бирок кийинкилер ага кубанышпайт. Бул да курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу экен!
17
Кудайдын үйүнө баратканыңда, бутуңду байка, баарынан да, укканга даяр бол. Анткени бул акылсыздардын курмандык чалганына караганда жакшы, анткени алар жаман иш кылып жатканын түшүнүшпөйт.
← Chapter 3
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 5 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12