bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Ecclesiastes 9
Ecclesiastes 9
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 8
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 10 →
1
Мен ушулардын баарын изилдегенге көңүл коюп, адил адамдар да, акылдуу адамдар да, алардын иштери да Кудайдын колунда экенин, адам өзүнүн алдында сүйүүбү же жек көрүүбү, кайсынысы күтүп турганын билбегенин билдим.
2
Баарына: адил адамга да, мыйзамсыз адамга да, ак ниетке да, кара ниетке да, тазага да, таза эмеске да, курмандык чалганга да, курмандык чалбаганга да, жакшылык кылганга да, күнөөкөргө да, ант бергенге да, анттан коркконго да бир үлүш.
3
Күн астында болуп жаткан нерселердин ичинен эң жаманы – бардыгынын үлүшү бир экендиги. Адам баласынын жүрөгү жамандыкка толгон, алардын жүрөгүндө да, жашоосунда да акылсыздык. Анан алар өлгөндөргө кошулушат.
4
Тирүүлөрдүн арасында жашаган адамдын дагы үмүтү бар, анткени өлгөн арстанга караганда тирүү дөбөткө жакшы.
5
Тирүүлөр өлө турганын билишет, ал эми өлгөндөр эч нерсе билишпейт, алар эми иштерине жараша тиешесин ала алышпайт, анткени алар унутулушат.
6
Алардын сүйүүсү да, жек көрүүсү да, кызганчаактыгы да жок болду, мындан ары, түбөлүккө аларга күн астында жасалып жаткан нерселердин эч биринен үлүш жок.
7
Ошондуктан Кудай сенин иштериңе ийгилик берип турганда, бар, наныңды кубаныч менен же, жүрөгүңдөгү кубаныч менен шарабыңды ич.
8
Ар убакта кийимиң ак болсун, башыңа сыйпалчу зайтун майы түгөнбөсүн.
9
Түйшүктүү өмүрүң өткөнчө, сүйгөн аялың менен жашоонун ыракатын көр, Кудай сага күн астындагы түйшүктүү өмүр үчүн берген жашоонун ыракатын көр, анткени бул – жашоодогу энчиң, күн астында кылган эмгегиңдин үзүрү.
10
Колуңдан келген иштерди алыңдын жетишинче жаса, анткени сен бара турган мүрзөдө жумуш да, ой жүгүртүү да, билим да, акылмандуулук да жок.
11
Анан мен күн астынан муну көрдүм: жарышта жеңип чыгуу күлүктөргө эле, жеңишке жетүү эр жүрөктөргө эле, нан акылмандарга эле, байлык акылдууларга эле, ылым табуу билимдүүлөргө эле тиешелүү эмес экен, бардыгынын өз убагы, өз учуру бар экен.
12
Анткени адам өзүнүн мезгилин билбейт. Балыктар өлүм торуна түшөт, канаттуулар кылтакка чалынат, ошол сыяктуу эле адам баласы да күтүлбөгөн жерден кырсыкка кабылат.
13
Мен күн астынан дагы мындай акылмандыкты көрдүм, ал мага маанилүү болуп көрүндү:
14
Бир чакан шаар, анда жашаган адамдар да анча көп эмес. Ал шаарга улуу падыша кол салып, аны курчап алып, камоо үчүн чеп курду.
15
Бирок ал шаардан бир акылдуу жакыр адам чыгып, өзүнүн акылы менен ошол шаарды куткарып алды. Ошентсе да ал жакыр адамды эч ким эскерген жок.
16
Ошондо мен мындай деп айттым: “Күчкө караганда акылмандык жакшы, ошондой болсо да жакыр адамдын акылмандыгын баркташпайт, анын сөзүн да угушпайт”.
17
Акылсыздар арасындагы өкүмдардын кыйкырыгына караганда, акылдуу адамдын сабырдуулук менен айтылган сөздөрүн жакшы угушат.
18
Жоокердин курал-жарагына караганда акылмандык артык. Бирок күнөөгө баткан бир адам көп жакшы нерсени ойрон кылат.
← Chapter 8
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 10 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12