bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Ecclesiastes 5
Ecclesiastes 5
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 4
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 6 →
1
Сүйлөгөнгө шашылба, жүрөгүң да Кудайдын алдында сүйлөгөнгө ашыкпасын, анткени Кудай асманда, сен болсо жердесиң, ошондуктан аз сүйлө.
2
Түштөр түйшүктүн көптүгүнөн кирет; акылсыздын үнү көп сүйлөгөнүнөн билинет.
3
Кудайга убада берсең, аны кечиктирбей аткар, анткени Ал акылсыздарга ырайым кылбайт, берген убадаңды аткар.
4
Убада берип аткарбай койгондон көрө, убада бербегениң жакшы.
5
Тилиңдин денеңди күнөөгө батыруусуна жол бербе. Кудайдын периштесинин алдында: “Бул – жаңылыштык”, – дебе. Болбосо Кудай сенин сөзүңө каарданып, колуң менен кылган иштериңди кыйратып салат.
6
Анткени көп түш көргөндөн курулай убаракерчилик жана сөз көп болот, бирок сен Кудайдан корк.
7
Эгерде сен кайсы бир дубанда кедейлер кысымга алынып, адилеттик менен чындык бурмаланып жатканын көрсөң, буга таң калба, анткени жогоркунун үстүнөн андан жогорку карап турат, анын үстүнөн эң жогорку көз салып турат.
8
Өлкөнүн артыкчылыгы болсо өлкөсү үчүн кам көргөн падыша болуп эсептелет.
9
Күмүштү сүйгөн адам күмүшкө тойбойт. Байлыкты сүйгөн адам андан пайда таппайт. Бул да – курулай убаракерчилик!
10
Мал-мүлк көбөйгөн сайын, аны пайдалангандар да көбөйөт. Ага ээлик кылгандар аны карап туруудан бөлөк кайсы бакытты табышат?
11
Көп жейби, аз жейби, эмгекчинин уйкусу таттуу. Ал эми байдын ашыра тоюп алганы өзүнө уйку бербейт.
12
Мен күн астында кайгылуу нерсе бар экенин көрдүм: байлык, сактап жүргөн ээсине зыян келтирет.
13
Ал байлык күтүлбөгөн кырсыктардан жок болот: андан уул төрөлдү, бирок анын колунда эч нерсе жок.
14
Ал энесинин курсагынан кандай жылаңач чыкса, ошондой жылаңач кетет, өз эмгегинен колуна эч нерсе көтөрүп кете албайт.
15
Бул да кайгылуу нерсе: ал кандай келсе, ошондой кетет. Текке кеткен эмгегинен ал эмне пайда тапты?
16
Ал болсо өмүрү өткөнчө караңгыда, туталанып, капаланып, ачууланып тамак жеген.
17
Мен жакшы жана жагымдуу нерсени да таптым, бул – адамдын өзүнүн Кудай берген бүт өмүрүндө күн астында кылган бардык эмгегинен ыракат алуусу, жеп-ичүүсү, анткени бул – анын үлүшү.
18
Эгерде кайсы бир адамга Кудай байлык жана мал-мүлк берсе жана ага аларды пайдаланууга бийлик берсе, өз үлүшүн алса, эмгегинин үзүрүн көрсө, анда бул – Кудайдын белеги.
19
Ал өз жашоосунун кыскалыгы жөнүндө көп ойлонбойт, анткени Кудай анын жүрөгүн кубанычка толтурган.
← Chapter 4
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 6 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12