bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Ecclesiastes 6
Ecclesiastes 6
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 5
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 7 →
1
Мен күн астынан дагы бир жамандыкты көрдүм, бул нерсе адамдар арасында көп кездешет.
2
Кудай адамга байлыкты да, мал-мүлктү да, атак-даңкты да берет, анын жаны эч нерседен кем эмес, анын каалаганынын баары бар, бирок Кудай ага аларды пайдаланууга жол бербейт, аларды башка киши пайдаланат. Бул – курулай убаракерчилик жана оор дарт!
3
Эгерде кайсы бир адам жүз балалуу болуп, көп жыл жашаса, анын өмүрү дагы узарса, бирок анын жаны жакшылык көрүп ыракаттанбаса, атүгүл, аны көмүшпөсө, анда мен: “Ага караганда бойдон түшкөн бала бактылуу, – дээр элем.
4
Анткени ал бекер эле келип, караңгылыкка кетти. Анын ысымын караңгылык жашырып коёт.
5
Ал күндү көргөн да, билген да эмес. Тигиге караганда буга тынчыраак.
6
Ал эми тиги эки миң жыл жашап, жакшылык көрүп ыракаттанбаса да, баары эле бир жерге барат эмеспи!”
7
Адамдын бүткүл эмгеги – кекиртеги үчүн, бирок анын жаны тойбойт.
8
Акылдуу акылсыздын алдында кандай артыкчылыкка ээ? Адамдар менен мамилелешкенди билген жардынын кандай артыкчылыгы бар?
9
Жаны менен адашканча, көзү менен көргөн артык. Бул да ошондой эле курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу экен!
10
Азыр бар нерсеге мурун эле ат коюлган, ал адам экени да белгилүү, анын өзүнөн Күчтүү менен талашып-тартыша албасы да белгилүү.
11
Түйшүктү арбыткан ушундай нерселер көп. Деги адам үчүн эмне жакшы болду экен?
12
Жашоодо адам үчүн эмне жакшы экенин ким билет? Анын түйшүктүү өмүрү көлөкө сыяктуу өтүп кетет. Адамдын көзү өтүп кеткенден кийин, күн астында эмне болорун ага ким айтып берет?
← Chapter 5
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 7 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12