bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Ecclesiastes 12
Ecclesiastes 12
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 11
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
1
Оор күндөр келгенге чейин, “Жашоого ыраазы эмесмин” дей турган жылдар келгенге чейин, жаш кезиңде Жаратканыңды эсиңден чыгарба.
2
Күн да, жарык да, ай да, жылдыздар да өчө электе, жамгырдан кийин кайра кара булут каптай электе, Жаратканыңды эсте.
3
Ошол күнү үй кайтаргандар титирейт, кубаттуулар ийилишет, тегирменчилер аз болгондуктан, алардын иши токтойт, терезени карагандар караңгылайт.
4
Көчөнү караган эшиктер бекитилет, тегирмендин ташынын үнү басылат, адамдар короз кыйкырары менен ойгонушат, ырдаган кыздардын үнү басылат.
5
Аларга бийик жерлер коркунучтуу болуп көрүнөт, жолдордо үрөй учурган иштер болот, бадамдар гүлдөп бүтөт, чегирткелер оорлошуп калат, жыпар жыттуу өсүмдүктөр күбүлүп түшөт. Анткени адам өзүнүн түбөлүктүү үйүнө кеткени жатат, көчөдө кошокчу аялдар аны тегеректеп алууга даяр турушат.
6
Күмүш чынжыр үзүлө электе, алтын чөйчөк сына электе, булактын жанындагы кумура сына электе, кудуктун үстүндөгү бара талкалана электе, Жаратканыңды эсте.
7
Топурактан жаралган дене кайра топурак болуп калат, ал эми Кудай берген рух кайра Кудайга кетет.
8
“Түйшүктүн түйшүгү, – деди Насаатчы, – бардыгы түйшүк!”»
9
Насаатчы акылдуу гана болбостон, ал элге билим да берген. Ал баарын сынап көргөн, изилдеген, көп накыл сөздөрдү түзгөн.
10
Насаатчы көркөм накыл сөздөрдү тапканга аракет кылган, чындык сөздөрдү туура жазган.
11
Акылдуу адамдардын сөздөрү ийнедей, кагылган мыктай, аларды түзгөндөр бир Кайтаруучудан.
12
Ал эми ушул сөздөрдөн тышкары айтылган сөздөрдөн сак бол, уулум: китепти көп жаза берсе, аягы болбойт; көп окуса, дене чарчайт.
13
Баарынын жыйынтыгын угалы: Кудайдан корк, Анын буйруктарын аткар, анткени бул адамга өтө керек.
14
Анткени Кудай ар бир ишти соттойт, ар бир жашыруун ишти, ал жакшы иш болобу же жаман иш болобу, Кудай соттойт.
← Chapter 11
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12