bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Mark 10
Mark 10
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 9
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 11 →
1
Ыйса ал жерден чыгып, Иордан дарыясынын наркы өйүзүндөгү Жүйүт аймагына келди. Анын жанына кайрадан көп эл чогулду. Ал адатынча аларды окута баштады.
2
Фарисейлер келип, Ыйсадан: «Эркекке аялын кетирүүгө болобу?» – деп сынап сурашты.
3
Ыйса аларга жооп бере: «Муса силерге кандай осуят берди эле?» – деп сурады.
4
Алар: «Муса эркектин талак кат жазып, аялын кетирүүсүнө уруксат берген», – дешти.
5
Ошондо Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Силердин таш боордугуңардан улам, Муса силерге ушул осуятты жазып калтырган.
6
Кудай дүйнөнү жарата баштаганда эле, адамдарды эркек, аял кылып жараткан.
7
Ошондуктан адам ата-энесин таштап,
8
аялы менен биригет. Экөө бир дене болот. Ошентип, алар экөө эмес, бир дене.
9
Демек, Кудай кошконду адам ажыратпасын».
10
Yйгө келишкенде, шакирттери Ыйсадан ушул жөнүндө дагы сурашты.
11
Ыйса аларга: «Аялын кетирип, башканы алган адам ойноштук кылган болот.
12
Күйөөсүн таштап, башкага тийген аял да ойноштук кылган болот», – деди.
13
Ыйса колун тийгизип койсун деп, кээ бирөөлөр Ага балдарын алып келишти. Бирок шакирттер аларга тоскоолдук кылышты.
14
Муну көргөн Ыйса ачууланып, аларга мындай деди: «Балдардын Мага келүүсүнө жол бергиле. Аларга тоскоолдук кылбагыла, анткени Кудайдын Падышачылыгы ушундайлардыкы.
15
Силерге чындыкты айтып коёюн, ким Кудайдын Падышачылыгын баладай кабыл албаса, ал ага кирбейт».
16
Анан Ал балдарды кучактап, алардын үстүнө колун коюп, батасын берди.
17
Ыйса жолго чыкканда, бирөө чуркап келип, Анын алдына тизелеп жыгылды да: «Жакшы Устат! Түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн, эмне кылышым керек?» – деп сурады.
18
Ыйса ага: «Мени эмнеге жакшы дейсиң? Кудайдан башка эч ким жакшы эмес.
19
“Ойноштук кылба. Киши өлтүрбө. Бирөөгө жалаа жаппа. Уурдаба. Таарынтпа. Ата-энеңди сыйла” деген осуяттарды билесиң», – деди.
20
Ал Ыйсага: «Устат, мен мунун бардыгын жаш чагымдан бери аткарып жүрөм», – деп жооп берди.
21
Ыйса аны карап, жакшы көрө мындай деди: «Сага бир нерсе жетишпейт. Бар да, колуңда болгондун бардыгын сатып, жакырларга таратып бер, ошондо асманда казынаң болот. Анан кел да, айкаш жыгачыңды алып, Мени ээрчип жүр».
22
Ошондо ал бул сөзгө капа болуп, көңүлү чөккөн бойдон кетип калды, анткени анын мал-мүлкү көп эле.
23
Ыйса тегерегин карап, шакирттерине: «Байлардын Кудай Падышачылыгына кириши кандай кыйын!» – деди.
24
Шакирттер Анын сөздөрүнө аябай таң калышты. Бирок Ыйса кайрадан аларга: «Балдар, байлыгына ишенгендердин Кудай Падышачылыгына кириши кандай кыйын!
25
Бай адамдын Кудай Падышачылыгына кирүүсүнө караганда, ийненин көзүнөн төөнүн өтүүсү оңоюраак», – деди.
26
Алар аябай таң калышып, өздөрүнчө: «Анда ким куткарылат?» – дешти.
27
Ыйса аларды карап: «Адамдар муну кыла алышпайт, бирок Кудай кыла алат. Анткени Кудай бардыгын кыла алат», – деди.
28
Петир Ага: «Мына, биз баарын таштап, Сени ээрчип жүрөбүз», – деп айта баштады.
29
Ошондо Ыйса мындай деди: «Силерге чындыкты айтып коёюн, Мен үчүн жана Жакшы Кабар үчүн үй-жайын, же ага-инилерин, же эже-карындаштарын, же энесин, же атасын, же аялын, же балдарын, же жерин таштаган адам
30
азыр, бул дүйнөдө, куугунтук учурунда да жүз эсе көп үй-жайга, ага-иниге, эже-карындашка, ата-энеге, балдарга жана жерге, ал эми келечекте түбөлүк өмүргө ээ болбой койбойт.
31
Биринчилердин көпчүлүгү акыркы, акыркылардын көпчүлүгү биринчи болот».
32
Алар Иерусалимди көздөй бара жатышты. Ыйса алардын алдында бара жатты. Анын артынан ээрчип бара жаткан шакирттердин үрөйлөрү учуп, коркуп жүрүп отурушту. Ыйса он эки шакиртин чакырып алып, аларга Өзүн эмне күтүп тургандыгы жөнүндө кайрадан мындай деп айта баштады:
33
«Мына, биз Иерусалимге жакындап калдык. Адам Уулун башкы ыйык кызмат кылуучулар менен мыйзам окутуучулардын колуна салып беришет, Ага өлүм жазасын өкүм кылып, бутпарастардын колуна өткөрүп беришет.
34
Аны кордошот, сабашат, бетине түкүрүшөт, анан Аны өлтүрүшөт. Бирок Ал үчүнчү күнү тирилет».
35
Ошондо Зебедейдин уулдары Жакып менен Жакан Ыйсага жакын келип: «Устат! Биздин суранычыбызды орундатышыңды каалайбыз», – дешти.
36
Ыйса аларга: «Эмне кылышымды каалайсыңар?» – деди.
37
Алар Ыйсага: «Өзүңдүн даңкыңа ээ болгонуңда, бирибизге оң жагыңа, бирибизге сол жагыңа отурууга уруксат бер», – дешти.
38
Бирок Ыйса аларга: «Эмне сурап жатканыңарды билбейсиңер. Мен иче турган чөйчөктөн иче аласыңарбы? Мен чөмүлдүрүлө турган чөмүлдүрүү менен чөмүлдүрүлө аласыңарбы?» – деди.
39
Алар: «Ошенте алабыз», – деп жооп беришти. Ыйса болсо аларга: «Мен иче турган чөйчөктөн ичесиңер, Мен чөмүлдүрүлө турган чөмүлдүрүү менен чөмүлдүрүлөсүңөр.
40
Бирок Менин оң жагым менен сол жагыма отургузуу Менин колумда эмес. Кимге даярдалган болсо, ошол отурат», – деди.
41
Муну уккан он шакирт Жакып менен Жаканга ачуулана башташты.
42
Ыйса болсо шакирттерин чакырып, аларга: «Элге башчылар үстөмдүк кыларын, төрөлөр бийлик жүргүзөрүн билесиңер.
43
Бирок силердин араңарда мындай болбосун. Тескерисинче, араңарда ким чоң болгусу келсе, ал силерге кызматчы болсун.
44
Араңарда ким биринчи болгусу келсе, ал баарыңарга кул болсун.
45
Анткени Адам Уулу да Өзүнө кызмат кылдыруу үчүн эмес, тескерисинче, Өзү кызмат кылуу үчүн, Өз жанын берип, көптөрдү куткаруу үчүн келген», – деди.
46
Алар Жерихо шаарына келишти. Ыйса Жерихо шаарынан шакирттери жана көп эл менен чыгып бара жаткан. Ошол учурда Тимей уулу Бартымей деген сокур адам жол боюнда кайыр сурап отурган.
47
Назареттик Ыйса өтүп бара жатканын уккан ал: «Ыйса, Дөөттүн Уулу! Мага ырайым кыла көр!» – деп кыйкыра баштады.
48
Көптөр аны тыйып жатышты. Бирок ал: «Дөөттүн Уулу, мага ырайым кыла көр!» – деп, ого бетер катуу кыйкыра баштады.
49
Ыйса токтоп: «Аны чакыргыла», – деди. Ошондо сокур адамга: «Коркпо, ордуңдан тур, сени чакырып жатат», – дешти.
50
Ал сырткы кийимин чечип ыргытты да, ордунан туруп, Ыйсанын жанына келди.
51
Ыйса андан: «Менин эмне кылышымды каалайсың?» – деп сурады. Сокур адам Ага: «Устат! Көзүм көрсө экен», – деди.
52
Ошондо Ыйса ага: «Бара бер, сени ишенимиң куткарды», – деди. Ошол замат анын көздөрү көрүп калды. Анан ал Ыйсанын артынан ээрчип жөнөдү.
← Chapter 9
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 11 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16