bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Mark 15
Mark 15
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 14
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 16 →
1
Таң атары менен, башкы ыйык кызмат кылуучулар, мыйзам окутуучулар, аксакалдар жана синедриондогулар кеңешме өткөрүштү да, Ыйсаны байлап, Пилатка алып барып тапшырышты.
2
Пилат Ыйсадан: «Сен жүйүттөрдүн Падышасысыңбы?» – деп сурады. Ыйса болсо ага: «Өзүң айтып жатасың», – деп жооп берди.
3
Башкы ыйык кызмат кылуучулар Ага каршы көп нерселерди айтып айыптап жатышты.
4
Ошондо Пилат Андан: «Сен такыр жооп бербейсиңби?» – деп, дагы сурады. Анан: «Сага каршы айтылган айыптоонун көптүгүн карачы», – деди.
5
Бирок Ыйса бул суроого да жооп берген жок. Пилат буга таң калды.
6
Ал майрам сайын эл сураган бир туткунду бошотуп берчү.
7
Ошол учурда Барабба деген киши көтөрүлүшчүлөр менен бирге камакта болчу. Алар козголоң убагында киши өлтүрүшкөн эле.
8
Эл Пилаттан адаттагысындай эле бирөөнү бошотуп берүүсүн сурап, кыйкыра баштады.
9
Пилат болсо аларга: «Каалайсыңарбы, мен силерге жүйүттөрдүн Падышасын бошотуп берейин?» – деди.
10
Анткени ал башкы ыйык кызмат кылуучулардын Ыйсаны көрө албастыктан улам кармап беришкендигин билчү.
11
Бирок башкы ыйык кызмат кылуучулар: «Андан көрө Бараббаны бошотуп берүүсүн сурагыла», – деп, элди тукуруп коюшту.
12
Пилат кайрадан аларга: «Жүйүттөрдүн Падышасы деп өзүңөр атаган Адамды эмне кылышымды каалайсыңар?» – деди.
13
Алар: «Аны айкаш жыгачка када!» – деп кыйкырышты.
14
Пилат алардан: «Ал кандай жаман иш кылды эле?» – деп сурады. Алар болсо: «Аны айкаш жыгачка када!» – деп, мурдагыдан да катуу кыйкырышты.
15
Ошондо Пилат элге жагууну каалап, аларга Бараббаны бошотуп берди. Ал эми Ыйсаны камчы менен сабаткандан кийин, айкаш жыгачка кадатуу үчүн, аскерлердин колуна тапшырды.
16
Аскерлер болсо Ыйсаны ак сарайдын короосуна, башкача айтканда, преторияга алып келишти да, бүт аскер бөлүгүн чогултушту.
17
Ыйсанын үстүнө кочкул кызыл чапан жаап, башына тикенектен таажы өрүп кийгизишти.
18
Анан: «Салам, жүйүттөрдүн Падышасы!» – деп, Аны менен саламдаша башташты.
19
Алар Аны ичке чыбык менен башка чапкылашты, Ага түкүрүштү. Тизе бүгүп, Ага таазим кылышты.
20
Аны ушинтип шылдыңдашкандан кийин, Андан кочкул кызыл чапанды чечип алып, Өзүнүн кийимин кийгизишти. Анан Аны айкаш жыгачка кадоо үчүн алып жөнөштү.
21
Алар талаадан келе жаткан Шымон деген киренеялык бир кишиге Ыйсанын айкаш жыгачын мажбурлап көтөртүп коюшту. Ал Искендер менен Руттун атасы эле.
22
Ошентип, алар Ыйсаны Голгофа (бул «Баш сөөгү» деп которулат) деген жерге алып келишти.
23
Ага смирна кошулган шарап беришти, бирок Ал ичкен жок.
24
Ыйсаны айкаш жыгачка кадагандар өкчөмө таш ыргытып, Анын кийимдерин бөлүп алышты.
25
Үчүнчү саат чамасында Аны айкаш жыгачка кадашты.
26
Анын баш жагына «Жүйүттөрдүн Падышасы» деген айыптоо жазылган тактайчаны илип коюшту.
27
Ыйсанын жанына эки кылмышкерди: бирин Анын оң жагына, бирин сол жагына айкаш жыгачка кадашты.
28
Ошентип, «Ал кылмышкер катары эсептелди» деген пайгамбарчылык орундалды.
29
Өтүп бара жаткандар баштарын чайкап, Ыйсаны мындай деп тилдеп жатышты: «Эй, ийбадаткананы бузуп, үч күндө Тургузуучу!
30
Айкаш жыгачтан түшүп, Өзүңдү куткарбайсыңбы!»
31
Башкы ыйык кызмат кылуучулар менен мыйзам окутуучулар да шылдыңдашып, бири-бирине: «Башкаларды куткарды, Өзүн болсо куткара албайт!
32
Машайак, Ысрайылдын Падышасы, азыр айкаш жыгачтан түшсүн, биз көрүп, Ага ишенип калалы», – дешти. Анын жанындагы айкаш жыгачка кадалгандар да Аны тилдеп жатышты.
33
Алтынчы сааттан тогузунчу саатка чейин бүт жерди караңгылык басып турду.
34
Тогузунчу саатта Ыйса үнүн катуу чыгарып: «Элои! Элои! Ламма савахфани?» – деп кыйкырды. Бул «Кудайым ай, Кудайым ай! Мени эмнеге жалгыз калтырдың?» деп которулат.
35
Ал жерде тургандардын кээ бирөөлөрү муну укканда: «Ал Илиясты чакырып жатат», – дешти.
36
Ошондо бирөө жүгүрүп барып, соргучту ачуу ичимдикке малды да, аны ичке таякка илип, Ыйсага берди. Анан: «Токтогула, Илияс келип, Аны түшүрүп алар бекен, көрөлү», – деди.
37
Ыйса болсо катуу үн чыгарып, жан берди.
38
Ошондо ийбадатканадагы көшөгө жогорудан ылдый айрылып, экиге бөлүнүп калды.
39
Ыйсанын маңдайында турган жүз башы Анын ушундай катуу үн чыгарып жан бергенин көргөндө: «Бул Адам, чын эле, Кудайдын Уулу болчу», – деди.
40
Ал жерде алыстан карап турган аялдар да бар болчу. Алардын арасында магдалалык Мариям, кичинекей Жакып менен Жосенин энеси Мариям, Саломе бар эле.
41
Ыйса Галилеяда жүргөндө, алар Анын артынан ээрчип, Ага кызмат кылышчу. Ал жерде Аны менен Иерусалимге келген башка да көптөгөн аялдар бар эле.
42
Кеч кирип, жума күнү аяктап, ишемби күнгө таяп калганда,
43
синедриондун бир кадырлуу мүчөсү, Кудайдын Падышачылыгын күтүп жүргөн ариматаялык Жусуп келди. Ал Пилатка кирүүгө батынып, Ыйсанын сөөгүн сурады.
44
Пилат Анын өлүп калганына таң калды. Анан ал жүз башыны чакырып: «Өлгөнүнө көп болдубу?» – деп сурады.
45
Жүз башыдан билгенден кийин, Жусупка сөөктү бердиртти.
46
Жусуп ак болотнай сатып алды да, Ыйсанын сөөгүн айкаш жыгачтан түшүрүп, кепиндеди. Анан ал сөөктү асканын бооруна оюлган мүрзөгө коюп, мүрзөнүн оозун таш тоголотуп келип жапты.
47
Магдалалык Мариям менен Жосенин энеси Мариям болсо Анын кайсы жерге коюлганын карап турушту.
← Chapter 14
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 16 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16