bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Mark 8
Mark 8
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 7
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 9 →
1
Ошол күндөрдө Ыйсанын жанына дагы көп эл чогулду. Бирок алардын жээрге тамагы жок болчу. Ошондо Ыйса шакирттерин жанына чакырып: «Элге боорум ооруп жатат.
2
Алар үч күндөн бери Менин жанымда жүрүшөт, жей турган эч нерселери жок.
3
Эгерде аларды үйлөрүнө ачка коё берсем, жолдо алсырап калышат, анткени алардын кээ бири алыстан келишкен», – деди.
4
Шакирттери Ага: «Бул ээн жерде алар тойгудай нанды кайдан тапмак элек?» – дешти.
5
Ыйса алардан: «Силерде канча нан бар?» – деп сурады. Алар: «Жети», – дешти.
6
Ошондо Ыйса элдин жерге отуруусун буйруду. Анан жети нанды алып, Кудайга ыраазычылык билдирип, нанды сындырды да, элге таратып бериш үчүн, шакирттерине берди. Шакирттер нанды элге таратып беришти.
7
Аларда бир аз майда балык да бар эле. Ыйса Кудайга ыраазычылык билдиргенден кийин, балыктарды да таратып берүүнү буйруду.
8
Бардыгы тоё жешти. Артып калган нанды чогултканда, жети себет болду.
9
Тамактангандардын саны төрт миңге жакын эле. Андан кийин Ыйса элди таратты.
10
Ошол замат Ал шакирттери менен кайыкка түшүп, Далманут аймагына сүзүп келди.
11
Фарисейлер чыгып, Ыйса менен талаша башташты. Аны сынаш үчүн, асмандан жышаан көрсөтүшүн талап кылышты.
12
Ошондо Ал оор күрсүнүп: «Бул муун эмне үчүн жышаан талап кылып жатат? Силерге чындыкты айтып коёюн, бул муунга жышаан көрсөтүлбөйт», – деди.
13
Анан Ыйса алардын жанынан кетти да, кайрадан кайыкка түшүп, наркы өйүзгө сүзүп кетти.
14
Шакирттер нан алып алууну унутуп калышты. Кайыкта, алардын жанында бир эле нан бар болчу.
15
Ошондо Ыйса аларга: «Байкагыла, фарисейлердин жана Ироддун ачыткысынан сак болгула», – деп эскертти.
16
Шакирттер болсо өз ара: «Наныбыз жок болгон үчүн ушинтип айтып жатат», – деп сүйлөшүштү.
17
Ыйса муну билип, аларга: «Силер эмне үчүн наныбыз жок деп жатасыңар? Дагы эле түшүнө элексиңерби? Дагы эле биле элексиңерби? Дагы эле жүрөгүңөр таш боюнчабы?
18
Көзүңөр бар туруп, көрбөй жатасыңарбы? Кулагыңар бар туруп, укпай жатасыңарбы? Эмне, эсиңерде жокпу?
19
Мен беш нанды беш миң адамга бөлүп бергенимден кийин, артып калган нанды чогултканыңарда, канча себет толду эле?» – деди. Алар Ага: «Он эки», – дешти.
20
«Ал эми жети нанды төрт миң адамга бөлүп бергенимден кийин, артып калган нанды чогултканыңарда, канча себет толду эле?» «Жети», – дешти.
21
Ошондо Ыйса аларга: «Кантип түшүнбөйсүңөр?» – деди.
22
Алар Бетсайидага келишкенде, Ыйсанын алдына бир сокур кишини алып келишип: «Буга колуңду тийгизип кой», – деп өтүнүштү.
23
Ыйса сокурду колунан жетелеп, кыштактын сыртына чыгарды да, анын көзүнө түкүрүп, үстүнө колдорун коюп: «Бир нерсе көрүп жатасыңбы?» – деп сурады.
24
Ал айланасын карап: «Дарактарга окшогон, ары-бери өткөн кишилерди көрүп жатам», – деди.
25
Ошондон кийин Ыйса анын көздөрүнө кайрадан колдорун тийгизип, ага айланасын кароону буйруду. Сокур адам айыгып, бардыгын ачык көрө баштады.
26
Анан Ыйса ага: «Кыштакка кирбе. Муну эч кимге айтпа», – деп, аны үйүнө жөнөттү.
27
Ыйса шакирттери менен бирге Филиптин Кейсареясына тиешелүү айылдарга жөнөдү. Жолдо Ал шакирттеринен: «Эл Мени ким деп эсептейт?» – деп сурады.
28
Алар мындай деп жооп беришти: «Бирөөлөр “чөмүлдүрүүчү Жакан” деп, бирөөлөр “Илияс пайгамбар” деп, дагы бирөөлөр “мурунку пайгамбарлардын бири” деп эсептешет».
29
Ошондо Ыйса алардан: «Ал эми силер Мени ким деп эсептейсиңер?» – деп сурады. Петир Ага: «Сен Машайаксың», – деп жооп берди.
30
Ошондо Ыйса аларга Өзү жөнүндө эч кимге айтпоону эскертти.
31
Анан Ыйса шакирттерине: «Адам Уулу көп азап чегиши, аксакалдар, ыйык кызмат кылуучулар, мыйзам окутуучулар тарабынан четке кагылышы, өлтүрүлүшү жана үчүнчү күнү тирилиши керек», – деп түшүндүрө баштады.
32
Ыйса бул жөнүндө аларга ачык эле айтты. Ошондо Петир Ыйсаны четке чакырып, Ага каршы болду.
33
Бирок Ыйса шакирттерине бурулуп, Петирге: «Кет жанымдан, шайтан! Анткени сенин ойлоруң – Кудайдын эмес, адамдын ойлору», – деп тыюу салды.
34
Ошондон кийин Ыйса эл менен бирге шакирттерин да жанына чакырып, мындай деди: «Ким Менин артымдан жүргүсү келсе, ал өзүнөн баш тартсын жана күн сайын өзүнүн айкаш жыгачын алып, Менин артымдан ээрчисин.
35
Ким өз жанын сактап калгысы келсе, ал андан түбөлүккө ажырайт. Ал эми ким Мен үчүн жана Жакшы Кабар үчүн өз жанынан ажыраса, ал аны сактап калат.
36
Анткени адам бүт дүйнөгө ээ болуп, бирок өз жанына зыян келтирсе, андан ага кандай пайда?
37
Же адам өз жанын куткарып алуу үчүн, кандай кун төлөй алат?
38
Бул бузулган, күнөөкөр муундун алдында ким Менден жана Менин сөздөрүмдөн уялса, Өзүнүн Атасынын даңкы менен, ыйык периштелер менен келгенде, Адам Уулу да ошол адамдан уялат».
← Chapter 7
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 9 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16