bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Mark 7
Mark 7
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 6
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 8 →
1
Иерусалимден келген фарисейлер менен кээ бир мыйзам окутуучулар Ыйсанын жанына чогулушту.
2
Алар Ыйсанын кээ бир шакирттеринин таза эмес колдору менен, башкача айтканда, кол жуу салтын аткарбай тамактанып жатканын көрүп калышты.
3
Анткени фарисейлер жана бардык жүйүттөр ата-бабаларынан калган салт боюнча кол жуу салтын аткармайынча, тамак жешпейт.
4
Базардан келгенден кийин да, кол жуу салтын аткармайынча, тамак жешпейт. Алар ошондой эле чөйчөктөрдү, кумураларды, казандарды жана отургучтарды жуу сыяктуу көптөгөн салттарды кармашат.
5
Ошондуктан фарисейлер менен мыйзам окутуучулар Ыйсадан: «Эмне үчүн Сенин шакирттериң ата-бабалардан калган салтты сакташпайт? Эмне үчүн алар кол жуу салтын аткарбай тамак жешет?» – деп сурашты.
6
Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Бул адамдар Мени тили менен урматташат, бирок алардын жүрөктөрү Менден алыс.
7
“Алардын Мени урматтаганы – бекер, анткени алардын үйрөткөнү – адамдык эрежелер”, – деп Ышайа, эки жүздүүлөр, силер жөнүндө туура пайгамбарчылык кылган.
8
Анткени силер Кудайдын осуятын таштап, адамдык салттарды: кумура менен чөйчөктөрдү жуу жана башка ушул сыяктуу салттарды кармайсыңар».
9
Аларга дагы мындай деди: «Өзүңөрдүн салтыңарды сактоо үчүн, Кудайдын осуятын четке кагып жатканыңар жакшыбы?
10
Анткени Муса: “Ата-энеңди сыйла”, “Атасына же энесине тил тийгизген адам өлүм жазасына тартылсын”, – деп айткан.
11
Силер болсо: “Ким атасына же энесине: "Корван (Менин сага берер нерсемдин баары Кудайга багышталган)", – десе,
12
ал өзүнүн атасына же энесине эч нерсе кылбай эле койсун”, – дейсиңер.
13
Ошентип, өзүңөр кармаган салтыңар менен Кудайдын сөзүн четке кагып жатасыңар. Ушул сыяктуу көп нерселерди жасап жатасыңар».
14
Анан кайрадан элдин баарын жанына чакырып: «Баарыңар Мени угуп, түшүнүп алгыла.
15
Адамды сырттан кирген нерсе арам кыла албайт, тескерисинче, ичинен чыккан нерсе арам кылат.
16
Кимдин кулагы бар болсо, ал уксун!» – деди.
17
Ыйса элдин жанынан кетип, үйгө киргенде, шакирттери Андан үлгү-насаат аңгеме жөнүндө сурашты.
18
Ыйса аларга: «Силер дагы эле түшүнө элексиңерби? Адамды сырттан кирген нерсе арам кыла албастыгын кантип эле түшүнбөйсүңөр?
19
Анткени тамак анын жүрөгүнө эмес, ашказанына кирет, анан сыртка чыгат», – деди. Ыйса бул сөздөр менен тамактын баары таза экенин билдирди.
20
Анан Ыйса сөзүн улап: «Адамды ичинен чыккан нерсе арам кылат.
21
Анткени ичтен, адамдын жүрөгүнөн: жаман ойлор, ойноштук кылуу, бузуктук кылуу, киши өлтүрүү,
22
уурдоо, кошомат кылуу, ачуулануу, куулук, дүнүйөкордук, көрө албастык, Кудайга акарат келтирүү, текебердик, акылсыздык чыгат.
23
Мына ушул жамандыктын баары адамдын ичинен чыгып, аны арам кылат», – деди.
24
Ыйса ал жерден чыгып, Тир жана Сидон аймактарына келип, бир үйгө кирди. Ал Өзүнүн келгенин кимдир бирөөнүн билүүсүн каалаган жок, бирок эл билип калды.
25
Жин оорулуу кызы бар бир аял Ыйса жөнүндө угары менен келип, Анын бутуна жыгылды.
26
Сиропойникелик бул аял бутпарас болчу. Ал Ыйсадан кызынын ичинен жинди кууп чыгаруусун өтүндү.
27
Бирок Ыйса аялга: «Адегенде балдар тойсун. Анткени балдардын нанын тартып алып, иттерге ыргыткан жакшы эмес», – деди.
28
Аял болсо: «Ооба, ошондой, Теңир! Бирок иттер да балдар жеген нандын үстөлдүн астына түшкөн күкүмдөрүн жешет», – деп жооп берди.
29
Ошондо Ыйса ага: «Ушул сөзүң үчүн үйүңө бара бер. Сенин кызыңдын ичинен жин чыгып кетти», – деди.
30
Аял үйүнө келгенде, кызынын жин оорусунан айыгып, төшөктө жатканын көрдү.
31
Ыйса Тир, Сидон аймактарынан чыгып, Декапол дубаны аркылуу кайрадан Галилея көлүнө келди.
32
Ага дүлөй жана кекеч бир адамды алып келишип: «Мунун үстүнө колуңду коюп койчу», – деп өтүнүштү.
33
Ыйса аны элден бөлүп, четке чыгарды да, эки манжасын анын кулагына салып, түкүрүп, анын тилине тийгизди.
34
Асманды карап, терең үшкүрдү да, ага: «Еффафа (Ачыл)», – деди.
35
Ошол замат анын кулагы ачылып, тили чечилди. Ал кекечтенбей, так сүйлөп калды.
36
Ыйса аларга муну эч кимге айтпоону буйруду. Бирок Ал канчалык тыйса да, алар элге ошончолук жайышты.
37
Адамдар аябай таң калышып: «Анын кылган ишинин баары жакшы: дүлөйлөрдү угузуп, дудуктарды сүйлөтүп жатат», – дешти.
← Chapter 6
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 8 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16