bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Mark 2
Mark 2
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 3 →
1
Бир нече күндөн кийин Ыйса кайрадан Капернаумга келди. Анын үйдө экендиги маалым болор замат,
2
көп эл чогулуп калды, ал эмес, эшиктин алдында да орун калбай калды. Ыйса болсо элге Кудайдын сөзүн айтып жатты.
3
Ошондо төрт киши Ага бир шал оорулууну көтөрүп келди.
4
Алар элдин көптүгүнөн Ыйсага жакын бара алышпай, үйдүн чатырын ачышты да, Ал турган үйдүн төбөсүн тешип, шал оорулууну төшөгү менен түшүрүштү.
5
Алардын ишенимин көргөн Ыйса шал оорулууга: «Балам, күнөөлөрүң кечирилди», – деди.
6
Бул жерде бир нече мыйзам окутуучулар отурушкан эле.
7
Алар: «Эмне үчүн Ал ушинтип айтып жатат? Ал Кудайга акарат келтирип жатат! Күнөөлөрдү бир Кудайдан башка ким кечире алат?» – деп ойлошту.
8
Ошол замат Ыйса руху менен алардын оюн билип: «Эмне үчүн ушинтип ойлоп жатасыңар?
9
Шал оорулууга кайсынысын айткан оңой: “Күнөөлөрүң кечирилди” дегенби же “Ордуңан туруп, төшөгүңдү ал да, баргын” дегенби?
10
Бирок Адам Уулунун жер үстүндө күнөөлөрдү кечирүүгө бийлиги бар экенин билишиңер үчүн, – деди да, анан шал оорулууга –
11
Сага айтамын: Ордуңан туруп, төшөгүңдү ал да, үйүңө бар», – деди.
12
Ал ошол замат ордунан турду да, төшөгүн көтөрүп алып, бардыгынын көз алдында сыртка чыгып кетти. Ошондо бардыгы таң калып: «Биз эч качан мындай нерсени көргөн эмес элек!» – деп, Кудайды даңкташты.
13
Ыйса кайрадан көлдүн жээгине келди. Ошондо элдин баары Анын жанына келди. Ал элди окутту.
14
Ал кетип бара жатып, бажыканада отурган Алпей уулу Лебини көрүп, ага: «Менин артымдан ээрчи», – деди. Леби ордунан туруп, Анын артынан ээрчип жөнөдү.
15
Ыйса Лебинин үйүндө шакирттер, салык жыйноочулар жана күнөөкөрлөр менен бир дасторкондо отурду. Анткени Анын артынан ээрчигендер көп болчу.
16
Фарисейлер менен мыйзам окутуучулар Ыйсанын күнөөкөрлөр жана салык жыйноочулар менен тамактанып отурганын көрүшүп, Анын шакирттеринен: «Эмне үчүн Ал салык жыйноочулар жана күнөөкөрлөр менен чогуу тамактанып жатат?» – деп сурашты.
17
Муну уккан Ыйса аларга: «Дарыгер соо адамдарга эмес, оорулууларга керек. Мен тобо кылууга адил адамдарды эмес, күнөөкөрлөрдү чакырганы келдим», – деди.
18
Жакандын шакирттери менен фарисейлер орозо кармашчу. Алар Ыйсага келип: «Жакандын жана фарисейлердин шакирттери орозо кармашат, эмне үчүн Сенин шакирттериң орозо кармашпайт?» – деп сурашты.
19
Ошондо Ыйса аларга мындай деди: «Күйөө үйлөнүү тоюндагылардын жанында болгондо, алар орозо кармашмак беле? Алар орозо кармашпайт, азырынча Күйөө алардын жанында!
20
Бирок Күйөө алардын жанынан алынып кете турган да күндөр келет, алар ошол күндөрү орозо кармашат.
21
Эч ким эски кийимге жаңы кездемеден жамаачы салбайт. Анткени жаңы кездемеден салынган жамаачы эски кийимден чычылып калат да, жыртык ого бетер чоңоюп кетет.
22
Эч ким эски чаначка жаңы шарап куйбайт. Анткени чанач айрылып, шарап төгүлөт, чанач жараксыз болуп калат. Тескерисинче, жаңы шарапты жаңы чаначка куюу керек».
23
Ишемби күндөрүнүн биринде Ыйса эгин талаасынан өтүп бара жатты. Анын шакирттери жолдо бара жатканда, буудайдын баштарын үзүп ала башташты.
24
Ошондо фарисейлер Ыйсага: «Карачы, эмне үчүн алар ишемби күнү кылууга болбой турган ишти кылып жатышат?» – дешти.
25
Ыйса аларга: «Дөөт муктаж болуп, өзү да, жанындагылар да ачка болушканда, эмне кылганын силер таптакыр окуган жок белеңер?
26
Ыйык кызмат кылуучу Абыйатардын убагында ал Кудай үйүнө кирип, ыйык кызмат кылуучулардан башка эч кимге жегенге болбой турган нан курмандыгынан жеп, жанындагы кишилерге да бербеди беле», – деди.
27
Анан аларга: «Адам ишемби күн үчүн эмес, ишемби күн – адам үчүн!
28
Ошондуктан Адам Уулу – ишембинин да кожоюну», – деди.
← Chapter 1
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 3 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16