bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Mark 16
Mark 16
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 15
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
1
Ишемби күн өткөндөн кийин, магдалалык Мариям, Жакыптын энеси Мариям жана Саломе Ыйсанын денесин майлоо үчүн, жыпар жыттуу майларды сатып алышты.
2
Жуманын биринчи күнү, эртең менен эрте, күн чыга электе, алар мүрзөгө келишти.
3
Алар өз ара: «Мүрзөнүн оозундагы ташты ким четке жылдырып берет?» – деп, сүйлөшүп келе жатышты.
4
Алар мүрзөгө жакын келишкенде, таштын четке жылдырылып калганын көрүштү. Таш болсо аябай чоң эле.
5
Алар мүрзөгө киргенде, оң тарапта отурган, ак кийимчен бир жигитти көрүп, коркуп кетишти.
6
Ал болсо аларга мындай деди: «Коркпогула! Силер айкаш жыгачка кадалган назареттик Ыйсаны издеп жатасыңарбы? Ал тирилди, Ал бул жерде жок. Мына, Анын сөөгү коюлган жер.
7
Баргыла да, Анын шакирттери менен Петирге: “Ал силерди Галилеядан тосуп алат. Силерге Өзү айткандай, Аны ошол жактан көрөсүңөр”, – деп айткыла».
8
Алар мүрзөдөн чыгып, чуркап жөнөштү. Корккондорунан титиреп, үрөйлөрү учуп калган алар эч кимге эч нерсе айтышкан жок.
9
Жуманын биринчи күнү эртең менен эрте тирилген Ыйса эң биринчи болуп, магдалалык Мариямга көрүндү. Ал анын ичинен жети жинди кууп чыгарган эле.
10
Мариям барып, мурда Ыйса менен чогуу жүрүп, азыр болсо кайгырып, ыйлап жаткандарга жарыялады.
11
Бирок алар Ыйсанын тирүү экендигин жана Мариямдын көргөндүгүн угушканда, ишенишкен жок.
12
Ошондон кийин Ыйса бир айылга жол тартып бара жаткан эки шакиртке башкача болуп көрүндү.
13
Алар кайтып келип, калган шакирттерге жарыялашты, бирок аларга да ишенишкен жок.
14
Ыйса ошондон кийин дасторкондо отурган он бир шакиртине көрүндү. Ал шакирттерин ишенбестиги үчүн жана жүрөктөрүнүн катуулугу үчүн жемеледи. Анткени алар Анын тирилгендигин көргөндөргө ишенбей коюшкан эле.
15
Анан аларга мындай деди: «Бүт дүйнөнү кыдырып, бардык адамдарга Жакшы Кабарды жарыя кылгыла.
16
Ким ишенип, сууга чөмүлдүрүлсө, ал куткарылат. Ал эми ким ишенбесе, ал айыпталат.
17
Мага ишенгендерди бул белгилер коштоп жүрөт: Менин ысымым менен жиндерди кууп чыгарышат, жаңы тилдерде сүйлөшөт.
18
Эгерде колдору менен жыландарды кармап алышса, уулуу нерсе ичип алышса, алардан зыян тартышпайт. Колдорун оорулуулардын үстүнө коюшса, оорулуулар айыгышат».
19
Ошентип, Ыйса Теңир алар менен сүйлөшкөндөн кийин, асманга көтөрүлүп, Кудайдын оң жагына отурду.
20
Шакирттер болсо бардык жерди кыдырып, Жакшы Кабар таратып жүрүштү. Теңир аларга жардам берип, көрсөтүлгөн кереметтер аркылуу Өз сөзүн бекемдеп жатты. Оомийин.
← Chapter 15
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16