bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Mark 11
Mark 11
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 10
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 12 →
1
Алар Иерусалимге жакындаганда, Зайтун тоосунун этегиндеги Бейтфагия жана Бетания кыштактарына жакындап калышканда, Ыйса эки шакиртин мындай деп жөнөттү:
2
«Маңдайыңардагы кыштакка баргыла. Кыштакка кирериңер менен, эч бир адам мине элек, байланып турган кодикти көрөсүңөр. Аны чечип алып, бул жерге алып келгиле.
3
Эгерде кимдир бирөө силерден: “Муну эмне кыласыңар?” – деп сураса, “Бул Теңирге керек”, – деп жооп бергиле. Ошондо ал кодикти дароо эле берет».
4
Алар барып, көчөдө, дарбазанын жанында байланып турган кодикти таап, чечип алышты.
5
Ошондо ал жерде тургандардын кээ бирөөлөрү аларга: «Эмне кылып жатасыңар? Силер кодикти эмне үчүн чечип алып жатасыңар?» – дешти.
6
Шакирттер болсо Ыйса айткандай жооп беришти. Ошондо тигилер аларды коё беришти.
7
Кодикти Ыйсага алып келип, анын үстүнө өздөрүнүн кийимдерин салып беришти. Ыйса кодикке минди.
8
Ошондо элдин көпчүлүгү өздөрүнүн кийимдерин, айрымдар болсо дарактардын бутактарын кесип алып, жолго төшөп жатышты.
9
Ыйсанын алды-артында бара жаткандар: «Дөөттүн Уулуна даңк! Теңирдин атынан Келе Жатканга алкыш!
10
Атабыз Дөөттүн келе жаткан Падышачылыгы даңктуу болсун! Эң Жогорудагыга даңк!» – деп, кыйкырып келе жатышты.
11
Ыйса Иерусалимге келип, ийбадатканага кирип, бардыгын карап чыкты. Күн кечтеп калгандыктан, он эки шакирти менен бирге Бетанияга жөнөп кетти.
12
Эртеси күнү алар Бетаниядан чыгышканда, Ыйса ачка болду.
13
Ал алыстан жалбырактуу анжыр дарагын көрүп, бир нерсе табылар бекен деп, жакын басып барды. Бирок анжыр дарагынын жанына келип, жалбырактан башка эч нерсе таба алган жок. Анткени анжыр жыйнай турган убакыт келе элек эле.
14
Ошондо Ыйса анжыр дарагына: «Мындан ары түбөлүккө сенден эч ким мөмө жебесин!» – деди. Муну шакирттери угушту.
15
Анан Иерусалимге келишти. Ыйса ийбадатканага кирип, ал жердеги сатуучулар менен сатып алуучуларды кууп чыгара баштады. Акча алмаштыруучулар менен көгүчкөн саткандардын үстөлүн көңтөрүп салды.
16
Ийбадаткана аркылуу бир нерсе алып өтүүгө эч кимге уруксат берген жок.
17
Анан элге мындай деди: «Ыйык Жазууда: “Менин үйүм бүт элдердин сыйынуу үйү деп аталат”, – деп жазылган эмес беле? Силер болсо аны каракчылардын уюгуна айландырдыңар».
18
Муну уккан мыйзам окутуучулар менен башкы ыйык кызмат кылуучулар Аны өлтүрүүнүн жолун издей башташты. Алар Андан коркушчу, анткени бүт эл Анын окутуусуна таң калар эле.
19
Кеч киргенде, Ал шаардан чыгып кетти.
20
Эртең менен алар баягы анжыр дарагынын жанынан өтүп бара жатышып, дарактын тамырына чейин куурап калганын көрүштү.
21
Ошондо Петир эстей калып, Ыйсага: «Устат, карачы! Сен каргаган анжыр жыгачы куурап калыптыр», – деди.
22
Ыйса аларга мындай деп жооп берди:
23
«Кудайга ишенгиле. Силерге чындыкты айтып коёюн, ким бул тоого: “Ордуңан көтөрүлүп, деңизге түш”, – десе жана ичинен шектенбей, айткан сөзү аткарыларына ишенсе, айтканындай болот.
24
Ошондуктан силерге айтып коёюн, Кудайдан эмнени сурасаңар да, аларыңарга ишенгиле, ошондо силерге берилет.
25
Кимдир бирөөгө каршы бир нерсеңер бар болсо, сыйынып жатканыңарда, аны кечирип койгула. Ошондо асмандагы Атаңар да силердин күнөөлөрүңөрдү кечирип коёт.
26
Эгерде кечирбесеңер, анда асмандагы Атаңар да силердин күнөөлөрүңөрдү кечирбейт».
27
Алар кайрадан Иерусалимге келишти. Ыйса ийбадатканада жүргөндө, башкы ыйык кызмат кылуучулар, мыйзам окутуучулар жана аксакалдар келип:
28
«Сен муну кайсы бийликтин негизинде кылып жатасың? Муну кылууга Сага ким бийлик берди?» – деп сурашты.
29
Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Мен да силерден бир нерсени сурайын, Мага жооп бергилечи. Ошондо Мен да силерге муну кайсы бийликтин негизинде кылып жатканымды айтам.
30
Жакандын чөмүлдүрүүсү Кудайдан беле же адамдардан беле? Мага жооп бергилечи».
31
Алар болсо өз ара мындай деп талкуулашты: «Эгерде “Кудайдан”, – десек, анда Ал: “Анда эмне үчүн Жаканга ишенген жоксуңар?” – дейт».
32
«Адамдардан» деп айтуудан коркушту, анткени бүт баары Жаканды чын эле пайгамбар деп эсептешчү.
33
Алар Ыйсага: «Билбейбиз», – деп жооп беришти. Ошондо Ыйса аларга: «Муну кайсы бийликтин негизинде кылып жатканымды Мен да силерге айтпайм», – деди.
← Chapter 10
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 12 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16